Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы бир топ адамдардын бийликти басып алуу аракетинин алдын алды. Бул тууралуу өлкөнүн Тергөө комитетинин (ТК) басма сөз кызматы билдирди.
Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Армениянын беш жараны жана Тоолуу Карабакта мурда жашаган эки адам кармалды. Алар “башка белгисиз адамдар” менен алдын ала макулдашуу боюнча бийликти басып алууга даярданышкан деп шектелүүдө.
Маалыматта белгиленгендей, Арменияда бийликти басып алуу максатында, алдын ала бүтүм менен Орусиядагы үч айлык машыгуу лагерине катышуу шылтоосу менен кармалгандар оор куралдардын жаңы түрлөрү менен таанышып, аларды колдонууну үйрөнүшкөн. Андан соң Арменияга кайтып келип, 2024-жылы ар бирине ай сайын 220 миң рублдан төлөп турууга убада кылып, бир катар жарандарды жана Тоолуу Карабактын мурдагы тургундарын жалдашкан.
Тергөө комитети ошондой эле жумушка алынган жарандар Орусиянын Ростов шаарына кеткенин билдирүүдө. Андан кийин алар башка жакка көчүрүлүп, ал жерде алардын жеке сапаттарын, саясий көз караштарын жана Армениянын укук коргоо органдарына карата мамилесин аныктоо үчүн алдын ала текшерүүдөн, анын ичинде калпты аныктоочу тесттен өтүшкөн имиш. Алдын ала текшерүүдөн кийин кылмыштуу топтун мүчөлөрү тартылган адамдарды «Арбат» деп аталган аскер бөлүгүнө жайгаштырышкан.
“Мындан тышкары, аларга машыгуулардын максаты Армения Республикасына кайтып келүү жана азыркы өкмөттү кетирүү – Армения Республикасын ушундай жол менен тазалоо жана куткаруу чакырыгы менен маалымдалды”, – деп айтылат текстте.
Бул билдирүүдөн кийин жалданган жарандардын айрымдары Армениядагы куралдуу төңкөрүшкө катышуудан баш тартып, машыгууга катышууданда баш тартышып, артка кайтышкан.
Кылмыш жасагандыгы үчүн жети адамга карата кылмыш иши козголду. Алардын үчөө буга чейин кармалып, төртөө издөөгө алынган. Аларга да кылмыш иши козголуп, учурда камакта.


















