Армения жакынкы беш жыл ичинде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) кайтып барууну көздөбөйт.
Бул тууралуу республиканын премьер-министри Никол Пашинян билдирди.
Ал ЖККУ Арменияны өз курамынан чыгарып салса, буга кубанарын айтты. Пашинян мындай мүмкүнчүлүк уюмдун уставында каралганын да ырастады.
«Мен ЖККУда (Арменияны уюмдан чыгаруу боюнча – ред.) талкуулар жүрүп жатканын билем. Эгер уюм Арменияны Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун курамынан чыгаруу чечимин кабыл алса, мен абдан кубанмакмын. Кандай болгон күндө да, бул бизди уюмдан чыгуу же чыкпоо боюнча дилеммадан арылтмак», — деди Пашинян парламенттин жыйынында.
Кремль Пашиняндын билдирүүсүнө жооп берди
Пашиняндын билдирүүсүнө Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков комментарий берди. Ал республика аймактык коопсуздукту камсыз кылууда «мындай маанилүү уюмга» мүчө болууга муктаж эмес деп эсептесе, ЖККУдан чыга аларын белгиледи.
Анын айтымында, буга чейин Армения тараптын ар кандай деңгээлдеги өкүлдөрү ЖККУдагы мүчөлүгүн тоңдуруу тууралуу билдирип келгенин, бирок уюмдан чыгуу ниетин айтпаганын белгиледи.
Эске салсак, 2024-жылдын башында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян республика ЖККУга катышууну тоңдурганын жарыялаган. Июнь айында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ЖККУ Арменияга “уюмдун уставынын тиешелүү беренесин” колдонууну карап көрөрүн билдирген. Уставга ылайык, өлкө ЖККУдагы добуш берүү укугунан ажыратылышы же чыгарылышы мүмкүн.
11-августта Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Арменияны ЖККУдагы добуш берүү укугунан ажыратуу маселеси уюмдун күзүндөгү саммитинде каралышы мүмкүн экенин жарыялаган.




















