Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин басма сөз катчысы Марина Оганжанян билдирди, деп маалымат берди News.am сайты.
1998-жылдан 2008-жылга чейин Армениянын президенти болуп иштеген Кочарян кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ири өлчөмдөгү акчаны адалдоо жана паракорлук боюнча айыпталууда.
Мурунку күнү сот тергөө органынын Кочарянды камакка алуу боюнча өтүнүчүн карай баштаган. Түнү саясатчы дарыгерлердин көрсөтмөсү менен ооруканага которулгандыктан, сот анын катышуусуз улантылган.
Оганжаняндын айтымында, судья Саркис Дадояндын төрагалыгы астында өткөн коррупцияга каршы күрөшүү соту тергөөчүнүн өтүнүчүн толугу менен канааттандырып, мурдагы президентти эки айга сотко чейинки камакка алуу чечимин чыгарды.
25-августта Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян, анын уулу Седрак жана дагы төрт адам коррупция боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалганы кабарланган. Ошол эле күнү Кочаряндын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бир нече ондогон даректеринде тинтүү жана башка тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, президент болуп турганда Кочарян жакын санаалаштары менен алдын ала сүйлөшүп, кызматтык абалын пайдаланып, мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз тартып алууга жана рыноктук баадан бир топ төмөн баада баалуу активдерди сатып алууга көмөктөшкөн болушу мүмкүн. Иштин материалдарында анын уулунун атынан жасалган ири өлчөмдөгү акча которуулар да бар.



















