Армениянын премьер-министри Никол Пашинян армяндардын геноциди маселесин “саясатташтыруудан” алыс болуу керектигин айтып, Израилдин бул маселеге байланыштуу чечимине реакция кылуунун кажети жок экенин билдирди.
Khabar Online агенттигинин маалыматы боюнча, Пашинян бул тууралуу “Жарандык келишим” партиясынын жетекчилиги менен өткөн жыйындан кийин журналисттерге берген маегинде айтты.
Буга чейин Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Х социалдык тармактагы билдирүүсүндө Тель-Авив “армян геноцидин” таанууну бир добуштан жактырганын жазган. Ошондой эле премьер-министр Биньямин Нетаньяху бул демилгени колдой турганын билдирген.
“Армян геноцидин курал катары колдонуу маселесине аралашпоо Армения Республикасынын кызыкчылыгына туура келет деп эсептегендиктен, биз реакция кылуунун кажети жок деп эсептейбиз”, – деди Пашинян.
28-июнда Израиль өкмөтү Осмон империясындагы армян геноцидин таануу боюнча резолюцияны бир добуштан жактырган.
Буга чейин Түркия менен дипломатиялык мамилелерди орнотуу жана чек араларды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында Армения бийлиги Ереван армян геноцидин эл аралык деңгээлде таануу саясатын жүргүзбөй турганын билдирген.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги бул чечимди саясий жактан максаттуу деп атап, аны Газадагы кырдаал менен байланыштырды.
“Израиль өкмөтү 1915-жылдагы окуялар боюнча саясий чечим кабыл алуу менен өзүнүн кылмыштарын жашырууга аракет кылып жатат. Израилдин чечими саясий мүнөзгө ээ, тарыхый жана укуктук фактыларды этибарга албайт”, – деп айтылат Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Түркия акыркы айларда Израилдин Иранга, Газа тилкесине жана Ливанга карата жүргүзгөн аскердик аракеттерин катуу сынга алып келет. Анкара Израилди Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка жана туруктуулукка эң чоң коркунуч жараткан тарап катары баалап келет.
Армяндардын Осмон империясынын мезгилиндеги массалык кырылышы тууралуу маселе Түркия менен бир катар мамлекеттердин ортосундагы эң талаштуу темалардын бири бойдон калууда. Анкара бул окуяларды “геноцид” деп атоону четке кагып келет.
Ошондой эле Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин аталган чечимине байланыштуу билдирүү жасап, бул кадам олуттуу тынчсызданууну жаратарын белгиледи. Министрлик тарыхый окуяларды саясатташтыруу аймактагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн экенин эскертти.
Ведомство Израилди армян геноцидин таануу чечимин кайра карап чыгууга чакырды.


















