Армения Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө болуу каалоосун билдиргенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Шанхай кызматташтык уюмунун негизги принциптерин, тактап айтканда – аймактык бүтүндүк, күч колдонбоо жана чек аралардын кол тийбестигин бөлүшүү менен Армения Республикасы ШКУга мүчө болуу каалоосун билдирди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылдын 15-июнунда негизделген. Башында анын курамына алты өлкө – Россия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан кирген. 2017-жылы бул уюмга Индия жана Пакистан, ал эми 2023-жылы Иран кошулган.
2015-жылы Уфада өткөн ШКУнун саммитинде Арменияга өнөктөш статусу берүү чечими кабыл алынган. 2016-жылы Армения ШКУнун диалог боюнча расмий өнөктөшү болгон. Учурда Армения уюмда байкоочу макамга ээ.

















