ШКУ космосто куралдануу жарышына каршы эл аралык документ түзүүнү колдоду.
Шанхай Кызматташтык Уюму космос мейкиндигинде куралдануу жарышын болтурбоого багытталган эл аралык укуктук нормаларды түзүүнү колдойт. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев билдирди. Анын айтымында, уюм ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды милитаризациялоону колдобойт.
«ШКУ космосто куралдануу жарышын болтурбоо боюнча юридикалык жактан милдеттүү эл аралык документти иштеп чыгууну, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүн милитаризациялоого каршы турууну, ошондой эле жасалма интеллектти коопсуз жана жоопкерчиликтүү пайдаланууну жактайт», — деп билдирди Ермекбаев.
Буга чейин Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Орусия космос мейкиндигине курал жайгаштырбоо боюнча өз позициясын мындан ары да илгерилетип келерин билдирген. Ал АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн министри Трой Мейнктин АКШда космос мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн орбиталык куралдар бар экени тууралуу сөздөрүнө байланыштуу Москва бул позициясын коргоону улантабы деген суроого жооп берген.
Буга чейин аскердик эксперт жана абадан коргонуу күчтөрүнүн тарыхчысы Юрий Кнутов Орусиянын С-500 зениттик-ракеталык комплекси АКШнын орбиталык куралдарына каршы аракеттенүүгө жөндөмдүү экенин билдирген. Анын айтымында, Орусиянын бул системасы буга чейин ийгиликтүү колдонулуп, советтик мезгилден калган эски спутниктин иштен чыгышына алып келген.