Иран уран байытуу боюнча принциптерди эч качан талкуулабайт, бирок мүмкүн болгон кооптонууларды жоюуга даяр.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Tasnim агенттигине берген маегинде билдирди.
АКШ менен болгон ядролук сүйлөшүүлөр учурунда Ирандын уран байытуу укугуна байланыштуу берилген суроого жооп берип жатып, Аракчи мындай деди:
«Ирандагы уран байытуу – бул реалдуу факт. Биз мүмкүн болгон кооптонууларга карата ишеним жаратууга даярбыз, бирок уран байытуу принциби талкууга алынбайт», — деп баса белгиледи.
Ошондой эле, ал АКШга басым жолу менен эч кандай жыйынтыкка жетүү мүмкүн эместигин, ал эми өз ара урматтоого негизделген сүйлөшүүлөр гана оң натыйжа бере аларын эскертти.
Аракчи АКШнын сүйлөшүү процессине терс таасир эткен карама-каршы позицияларына өкүнүчүн билдирип, эгерде АКШ конструктивдүү позицияны карманса, алдын ала келишимдин алкагында сүйлөшүүлөрдү баштоого үмүт пайда болорун кошумчалады.
Мындан тышкары тышкы иштер министри иш сапары менен Россияга барарын жана Ислам революциясынын лидери аятолла Сейед Али Хаменейинин кайрылуусун Россия президенти Владимир Путинге тапшырарын билдирди.


















