Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн элинин атынан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдонду. Анда чечилбей келген жол көйгөйүн көтөрүлүп, буга чейин кайрылбаган чоңдор калбаганын айтышкан.
Кайрылууда 2022-жылы 25-27-ноябрь күндөрү өткөн биринчи Элдик курултайдагы президент С.Жапаровдун Кара-Кулжа-Алайкуу жолу күн жылыса башталат деп айткан тапшырмасын эске салышат.
“Ага катышкан делегаттар, ажобуз айтты, тапшырма берилди, жаз келсе башталат деп үмүттөрү үзүлбөй күтүп келет. Үмүтүбүзгө үмүт улап ажобуз айткан жазда баштайт деген тапшырмасына элибиз ишенип отурат. Элибиз ар кандай ушактар угуп, быйылкы жылга 5-10 километр жолду оңдоо иши гана каралыптыр, жолдун калган бөлүгүнө акча каражаты бөлүнүп берилген эмес деген сөздөрдү угуп, элдин үмүтү үзүлүп келет”,-деп айтылат кайрылууда.
Мындан сырткары, райондун борборунан бир аз өткөндө Чалма айылына чейинки, эч кандай кооптуу эмес аймакка кирген жолдун 2-3 километрдей жерине асфальт төшөлгөнү, бирок Алайкуу жолу деп негизинен аталган Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу айыл аймактарындагы жолдорго эч кандай оңдоп түзөө иштери баштала электиги айтылган.
“Алайкуу эли Сизден, Алайкуу жолу делген Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу айыл аймактарындагы жолдорду оңдоп түзөө, асфальт басуу иштерин өз көзөмөлүңүзгө алып, Сиз берген тапшырманын аткарылышын жана иштин жүрүшүн текшерип турууңузду өтүнөбүз”,-делет.
Кошумчалай кетсек, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу жалпысынан 130 км.ди түзөт. Анын абалы оор экени жана эл жайы-кышы кыйынчылык менен каттаганы көп жылдан бери айтылып келет.