Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи АКШнын Ислам Республикасына каршы жүргүзүп жаткан «экономикалык терроризм» саясатына байланыштуу БУУнун башкы катчысына жана уюмдун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылуу жөнөттү.
Бул тууралуу Mehr агенттиги билдирди.
Катта Ирандын Тышкы иштер министри АКШнын «экономикалык терроризм» саясатына карата Тегерандын позициясын түшүндүргөн.
Mehr агенттигинин маалыматына караганда, Арагчи БУУнун жана бардык мамлекеттердин өкмөттөрүнүн АКШ администрациясынын мыйзамсыз жана кылмыштуу аракеттерин айыптоо боюнча «укуктук жана моралдык жоопкерчилигине» көңүл бурган.
Арагчинин айтымында, АКШ 2025 жана 2026-жылдары Иранга каршы жүргүзгөн кагылышууларда алдына койгон максаттарына жете алган эмес. Ошондой эле Вашингтон башка өлкөлөрдү Иранга каршы согуштук аракеттерге тартууга да жетишкен эмес.
«Ошондон кийин АКШ ошол эле мыйзамсыз максатын улантууну чечти. Башкача айтканда, агрессияга катышпоону чечкен эгемендүү мамлекеттерге басым жасап, аларды өз чечиминен баш тартууга жана Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан экономикалык кысымга кошулууга мажбурлоого аракет кылууда», — деп айтылат Арагчинин катында.
Ирандын тышкы иштер министри БУУнун Коопсуздук Кеңешин жана уюмга мүчө мамлекеттерди АКШнын Иранга карата жүргүзүп жаткан экономикалык басымын айыптоого чакырды. Ошондой эле ал Вашингтонду үчүнчү өлкөлөрдү башка мамлекеттер менен болгон мамилесин өзгөртүүгө мажбурлоо аракеттерин токтотууга үндөдү.
Ирандын тышкы иштер министри БУУ үчүн эгемендүүлүк жана ички иштерге кийлигишпөө принциптерин коргоо боюнча «тагдыр чечүүчү учур» келгенин кошумчалады.
Буга байланыштуу Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Иранга карата санкциялык саясаты «экономикалык терроризм жана адамзатка каршы кылмыш» экенин билдирген.


















