Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) курама командасы 16-24-сентябрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мелдеши болуп эсептелинет.
Белгиленгендей, беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.
16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Улуттук курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.
Эркин күрөш боюнча курама команда:
– 57 кг Алмаз Сманбеков;
– 65 кг Икромжон Хаджимурадов;
– 70 кг Эрназар Акматалиев;
– 74 Арсалан Будажапов;
– 86 кг Нарбек Изабеков;
– 97 кг Каныбек Абдулхаиров.
18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында беттеш өткөрүшөт.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда:
– 59 кг Кальмира Билимбек кызы;
– 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
– 68 кг Мээрим Жуманазарова;
– 72 кг Нурзат Нуртаева;
– 76 кг Айпери Медет кызы.
21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков,башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:
– 60 кг Жоламан Шаршенбеков;
– 67 кг Амантур Исмаилов;
– 77 кг Акжол Махмудов;
– 87 кг Азат Салидинов;
– 97 кг Бексултан Махмудов.