Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты 8-апрелде жыйынтыкталды.
Ирандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында 2 алтын, 5 күмүш жана 3 коло медаль жеңип, Азия чемпиону болгонун иран ЖМКлары жазышты.
Мелдеште эң көп алтын медалды Кыргызстандын курамасы (4 алтын) жеңип алды. Бирок, жалпы командалык эсепте Иран 195 упай менен биринчи орунду алды.
Командалык эсеп:
- Иран (195 упай);
- Кыргызстан (153 упай);
- Өзбекстан (136 упай);
- Индия (115 упай);
- Казакстан (112 упай).
Медалдык эсеп:
- Кыргызстан – 4 алтын медаль;
- Иран – 2 алтын, 5 күмүш жана 3 коло медаль;
- Өзбекстан – 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло медалга ээ болду.

Ирандын Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Хасан Рангарз Ирандын курамасы биринчи жолу Азияда катары менен 4 чемпиондукту жеңип алганын билдирди.
“Бүгүн биздин грек-рим күрөшүбүз үчүн тарыхый күн. Биз төрт жыл катары менен биринчи жолу Азия чемпиону боло алдык; бул сыймык техникалык кызматкерлердин, балбандардын жана федерациянын колдоосунун күнү-түнү тынымсыз аракетинин натыйжасы болду жана биздин жеңиш сүйүктүү элибизге арналат”, – деди Рангарз.
Анын айтымында, Ирандын грем-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын 10 мүчөсүнүн баары 10 медаль жеңип алды.
Иран курамасынын байге ээлери:
Алтын медаль: Мохаммад Хади Сарави (97 кг), Амин Мирзазаде (130 кг);
Күмүш: Эрфан Джаркани (63 кг), Мохаммад Джавад Резаи (72 кг), Али Оску (77 кг), Мохаммад Амин Хоссейни (82 кг), Голамреза Фаррохи (87 кг);
Коло: Мохаммад Хоссейнванд Панахи (55 кг), Али Ахмади Вафа (60 кг), Ахмадреза Мохсеннеджад (67 кг).
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты 6-апрелде башталган. Азия чөлкөмүнүн күчтүү балбандарын бириктирген ири мелдеш “Жаштык Арена” спорттук комплексинде өтүп жатат.
Мелдештер грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча өтүп жатат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулууда.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 6–8-апрель күндөрү өттү. 8–10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот. 10–12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.

















