Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Ирандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы 4 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль менен Азия чемпиондугун жеңип алды.
Байге ээлери:
Мелдештин жыйынтыгында Милад Вализаде (57 кг) Камран Гасемпур (86 кг), Мохаммад Мобин Азими (92 кг) жана Амир Хоссейн Заре (125 кг) алтын медаль жеңип алышты. Амир Али Азарпира (97 кг) күмүш медаль, ал эми Ахмад Мохаммаднежад Жаван (61 кг), Сина Халили (70 кг) жана Амир Мохаммад Яздани (74 кг) коло медаль багындырышты.
Командалык эсепте Иран 178 упай менен биринчи орунга чыкты. Индия жана Япония тиешелүүлүгүнө жараша 162 жана 127 упай менен экинчи жана үчүнчү орундарды ээлешти. Төртүнчү жана бешинчи орунга Бахрейн (105 упай) жана Кыргызстан (102 упай) чыкты.

Мелдештер 6-апрелден 12-апрелге чейин Жаштык Арена спорттук комплексинде өттү.
Континенттик биринчиликке Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашуун күчтүү балбандар катышып, мелдеш аймактагы маанилүү спорттук окуялардын бири болду.
Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Ирандын курамасы Азия чемпиону болушкан. Ирандын грек-рим күрөшчүлөрү 2 алтын, 5 күмүш жана 3 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 195 упай менен биринчи орунду алган.
Белгилей кетсек, бул мелдештерде Кыргызстандын курама командасы да татыктуу жыйынтыктарды көрсөттү:
- Грек-рим күрөшү боюнча 4 алтын медаль жана командалык эсепте 2-орун;
- Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль, командалык эсепте 4-орун;
- Эркин күрөш боюнча 4 коло медаль жана командалык эсепте 5-орун.


















