АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 10-июлда Малайзияда өтүп жаткан АСЕАН иш-чараларынын алкагында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууну пландап жатат. Бул тууралуу Reuters жана AFP агенттиктери АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги жогорку даражалуу өкүлгө шилтеме берүү менен кабарлашты.
Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бул маалыматты тастыктап, «мындай жолугушуу боюнча иштер жүрүп жатат».- деп билдирди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтындагы маалыматка ылайык, Рубионун Лавров менен жолугушуусу 10-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө (Москва убактысы менен 13:00) белгиленген.
Буга чейин Рубио менен Лавров телефон аркылуу бир нече жолу сүйлөшкөн. Алардын биринчи жеке жолугушуусу быйыл февралда Эр-Рияд шаарында өткөн Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүндө болгон.
Россия ТИМинин орун басары Сергей Рябков июнь айында билдиргендей, Лавров менен Рубио туруктуу байланышта болуп турушат. 4-июлда Лавров америкалык кесиптешине АКШнын Көз карандысыздык күнү менен куттуктап телеграмма жөнөткөн. Анда ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер туруктуулук жана алдын ала айтылуучу мүнөзгө ээ болушуна үмүт артканын билдирген. Ошол эле маалда «жердеги реалдуулукту» эске алуу зарылдыгын баса белгилеген.


















