Өзбекстан менен АКШ 12 млрд долларлык келишимдерге кол коюшту. GE Aerospace компаниясы Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын жаңы учактары үчүн кыймылдаткычтарды жеткирип берет. Wabtec темир жол техникасын жергиликтүү өндүрүшкө киргизүүгө көмөктөшөт. Ал эми Franklin Templeton, Oppenheimer & Co., Citigroup жана BlackRock компаниялары өзбек компанияларынын эл аралык капитал рынокторуна чыгуусуна жардам беришет.
Америкалык делегациянын Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында соода, инвестиция жана технологиялык кызматташтык тармактарында 54 келишимден турган пакетке кол коюлду. Аларды ишке ашыруунун алкагында 12 млрд доллар көлөмүндөгү каражатты өздөштүрүү каралганын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Макулдашуулар өнөр жай, транспорттук жана энергетикалык инфраструктура, стратегиялык мааниге ээ пайдалуу кендер, каржы сектору, санариптик технологиялар, айыл чарба, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарын камтыйт.
Транспорт тармагында GE Aerospace компаниясы менен кызматташуу Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын жаңы учактары үчүн кыймылдаткычтарды жеткирүүнү карайт. Ал эми Wabtec компаниясы менен биргелешкен демилгелер темир жол техникасын жана анын тетиктерин жергиликтүү өндүрүшкө киргизүүгө багытталган.
Franklin Templeton, Oppenheimer & Co., Citigroup жана BlackRock компаниялары менен түзүлгөн келишимдер улуттук компаниялардын эл аралык капитал рынокторуна чыгуусуна, институционалдык инвесторлорду тартууга жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого байланыштуу.
Тоо-кен тармагында ReElement Technologies, Traxys жана Trafigura компаниялары менен түзүлгөн макулдашуулар кендерди изилдөө жана өздөштүрүү, технологиялык кызматташтык жана минералдык ресурстарды жеткирүү маселелерин камтыйт. Ошондой эле Өзбекстандын стратегиялык маанилүү минералдар тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн жана адистик компетенцияларын өнүктүрүү каралган.
Amazon Leo компаниясы менен түзүлгөн демилгелер спутниктик байланыш системасын өнүктүрүүнү, GE HealthCare менен кызматташуу заманбап медициналык технологияларды киргизүүнү, ал эми Valmont Industries менен кызматташуу айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатууну көздөйт.
Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин маалыматына ылайык, ишкердик программанын алкагындагы иш-чараларга 400дөн ашык компаниянын өкүлдөрү катышкан. Алардын ичинен 100дөн ашыгы америкалык компаниялар, 100ү Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген ишканалар жана 200ү Өзбекстандын ишканалары болгон.

















