Россиянын тышкы иштер министринин Иранга сапары 19-октябрда өтөт. Россиянын тышкы саясат ведомствосунун башчысы ирандык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошондой эле бул өлкөнүн президенти менен жолугушат.
С. Лавров 19-октябрда Тегеранга барды. Ал Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугуп, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан тарабынан кабыл алынат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«Ал (Лавров ) Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан тарабынан кабыл алынып, ирандык кесиптеши Аббас Аракчи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт», — деп айтылат Россиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Маалыматта тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн, ошондой эле учурдагы эл аралык көйгөйлөрдү талкуулоону көздөп жатканы белгиленген.
Өзгөчө көңүл Перс булуңундагы кырдаалга жана АКШ менен Израилдин Иранга каршы аракеттерине байланыштуу келип чыккан курч эл аралык кризистен чыгуунун мүмкүн болгон жолдоруна бурулат.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Тегерандагы сүйлөшүүлөр Москва менен Тегерандын ортосундагы «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү» бекемдөөгө, ошондой эле аймактагы туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт деп үмүттөнөт.
18-октябрда Россиянын тышкы иштер министри Бахрейндин борбору Манама шаарында Россия менен Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (ССАГПЗ) ортосундагы стратегиялык диалогдун тогузунчу министрлер жыйынынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кеңири масштабдагы согуштун босогосунда турганын билдирди.
Ал Ормуз кысыгынын айланасындагы жаңжалдын түпкү себептерин жоюу маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле министр АКШ менен Ирандын буга чейин жетишилген жана «баарыбыз колдогон» макулдашууларын эске салды.
Лавровдун айтымында, Россия тарап Исламабад меморандумунда кырдаалды азыркы абалынан саясий-дипломатиялык нукка буруу үчүн зарыл болгон бардык шарттар дагы деле бар деп эсептейт.


















