Ирандын вице-президенти Мохаммад-Реза Ареф АКШнын Ислам Республикасына каршы соккуларын кайра башташы америкалык экономика үчүн оор айларды алып келерин билдирди.
«Америкалыктар күйүүчү май камдап алышы керек, анткени АКШ экономикасын оор айлар күтүп турат», — деп жазды Ареф X социалдык тармагына.
Анын айтымында, АКШ Иранга соккуларын кайра баштагандан кийин Ислам Республикасынын жетекчилиги коопсуздук жаатындагы эсептөөлөрүн жана коргонуу доктринасын өзгөрттү.
«Мындан ары Тегерандын жообу асимметриялуу, көп баскычтуу болуп, Вашингтонду өзүнүн коопсуздугуна болгон ишенимден ажыратат», — деп эсептейт ирандык саясатчы.
1-сентябрга караган түнү АКШ Ирандагы объектилерге жаңы массалык соккуларды жасай баштаган. Ал күнү Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясынын Сирик округунда үлпөт той аземи өтүп жаткан сокку урулган. Кол салуудан кеминде төрт адам каза болуп, 68 адам жаракат алган. Айрым ирандык булактар каза болгондордун саны бешке жеткенин билдиришкен. Жаракат алгандардын арасында аялдар жана балдар да бар экени айтылды.


















