Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

 А. Касымалиев  Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этно-шаарчанын ачылыш аземине катышты

  • Маданият
  • 02.09.2026 15:17

Loading

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Адылбек Касымалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган «Көчмөндөр ааламы: Жандуу мурас» аттуу этно-шаарчанын ачылыш аземине катышты.

Иш-чара башталганга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан атайын орнотулган боз үйлөрдүн комплекстерин көрүп чыкты.

Этно-шаарчанын ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүктөрүн белгиледи.

“31-августта, өлкөбүз Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын белгилеген тарыхый күнү, Президентибиз Садыр Нургожоевичтин, мамлекет жана өкмөт башчыларынын, жогорку даражалуу делегациялардын катышуусунда Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына старт берилди. Оюндардын салтанаттуу ачылышы 51 миң орундуу жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өттү. Муну сыймыктануу менен айтабыз – дүйнө жаңы Кыргызстандын демин сезди! Кыргыздын байыркы тарыхы менен заманбап технология айкалышкан салтанат бүгүнкү Кыргызстандын өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана чоң максаттарын көрсөттү.  Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги иш-чаралары касиеттүү Ысык-Көлдө сегиз жерде уланууда. Беш жыл аралыгында Кыргызстаныбыз өзгөрүп, жаңыланды. Президентибиздин жетекчилиги астында биз жаңы Кыргызстанды куруп, ата-бабаларыбыздын улуу мурасына таянуу менен жаңы доорго ишенимдүү кадам таштап жатабыз.

Ири стратегиялык долбоорлор ишке ашып, Ынтымак Ордо, Ырыс Ордо, чоң стадион сыяктуу жаңы доордун символдору салынды. Бүгүн Кырчындын төрүндө көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданиятын, наркын жана өнөрүн бириктирген «Көчмөндөр ааламы» этно-шаарчасы салынып, жолу жаңыланды. Бул иштер бир күндүк иш-чара үчүн эмес – жаңы жолдор туризмге, шаарча бабалар мурасын таанытууга кызмат кылат”, – деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы этно-шаарчада уникалдуу маданий мейкиндик түзүлгөнүн белгиледи.

1 of 37
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

11.

12.

13.

14.

15.

16.

17.

18.

19.

20.

21.

22.

23.

24.

25.

26.

27.

28.

29.

30.

31.

32.

33.

34.

35.

36.

37.

“Кырчындын укмуштуудай кенен мейкиндигине көз чаптырганда, биз ата-бабаларыбыздын дүйнөсүнө саякаттагандай болобуз. Бул жерде кыргыз боз үйлөрү катар-катар тигилген. Улуттук кийимдер, элдик кол өнөрчүлүк, салттуу оюндар, каада-салттар, ыр-күүлөр — кылымдар бою бизге мурас болуп жеткен бул дүйнө бүгүн бул жерде бирдиктүү бүтүндүк катары чагылдырылууда. «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» деген аталыштын өзүндө терең маани жатат. Биз бабалар мурасын музейдин айнегинин артында гана сактабай, элдин жашоосуна алып чыгып жатабыз. Боз үйдү бүгүн да тигебиз – бул жандуу мурас. Комузду бүгүн да чертебиз – бул жандуу мурас. Кийиз басып, шырдак шырып, темир согуп, ат жабдыгын жасап келебиз – бул жандуу мурас. Ата өнөрү балага, эне өнөрү кызга өтүп жатат”, – деди ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев сөзүнүн аягында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң чоң жеңиши ата-бабалардын бай мурасын сактап калуу жана аны келечек муундарга аяр мамиле менен өткөрүп берүү уланарына ишенерин билдирди.

Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары глобалдык деңгээлде маданий мурастарды сактоо жана эл аралык достукту чыңдоо багытында стратегиялык мааниге ээ.

Турдайым Кожомбердиева,

Кырчын жайлоосу.

Тема боюнча

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары маданий мурастарды сактоо аянтчасына айланды

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары маданий мурастарды сактоо аянтчасына айланды

10.09.2026
ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыКырчын жайлоосу
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Маданий революция  же унутулуп бараткан кыргыз кийимдери кайра жанданууда

Маданий революция  же унутулуп бараткан кыргыз кийимдери кайра жанданууда

19.10.2026
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары маданий мурастарды сактоо аянтчасына айланды

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары маданий мурастарды сактоо аянтчасына айланды

10.09.2026
Саламаттык сактоо министри  Д. Осмонов: “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү”

Саламаттык сактоо министри  Д. Осмонов: “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү”

08.09.2026
Көчмөндөр оюндары. Командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи

Көчмөндөр оюндары. Командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи

07.09.2026

Көчмөндөр оюндары: Ирандын курамасы жалпы 15 медаль утту 

07.09.2026
А. Жапаровага сунушталган $35 миңдик килемди Арашан коюна алмашууну көздөшкөн

А. Жапаровага сунушталган $35 миңдик килемди Арашан коюна алмашууну көздөшкөн

06.09.2026
Кырчындагы дарбаз оюну: Көрүүчүлөрдүн демин ичине каткан улуттук өнөр

Кырчындагы дарбаз оюну: Көрүүчүлөрдүн демин ичине каткан улуттук өнөр

06.09.2026
Кырчындагы дух: Жамгыр астында уланган көчмөн маданиятынын салтанаты, бийи жана ыры

Кырчындагы дух: Жамгыр астында уланган көчмөн маданиятынын салтанаты, бийи жана ыры

05.09.2026
Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

05.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.