Ысык-Көл облусунун төрүндө орун алган Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасы эшигин ачып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар соңуна чыгып, эртең расмий ачылышы болот.
Кыргызстандын жети облусу жана эки ири шаары Кырчын капчыгайына 500гө жакын боз үй тигип, өзүнүн кайталангыс маданиятын, кол өнөрчүлүгүн жана этно спорттук өнөрлөрүн көрсөтүүгө даяр.
Жети дубандын башын бириктирген көчмөндөр оюндары – улуттук биримдикти дүйнөгө даңазалаган этно-шаарчада кыргыздын нукура кол өнөрчүлүгүнөн жаралган буюмдарына толгон.
Белгилей кетүүчү жагдай, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы 31-августта Бишкек шаарындагы “Бишкек арена” стадионунда учурда Кыргызстанда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна катышуу үчүн келишкен уюмдун мүчө-мамлекет башчыларынын катышуусунда өткөн. Ал эми спорттук оюндар 2-сентябрдан тартып Кырчын жайлоосунда өтмөкчү.
Турдайым Кожомбердиева,
Кырчын жайлоосу




















