Германияга “Samara Academy” агенттиги аркылуу Ferienjob программасы менен барып, ортомчулардын айынан жумушсуз калган 130 кыргызстандык студенттин кырдаалы мамлекеттик органдардын көзөмөлүнө алынды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда келишими токтотулган жарандардын 50сү жаңы жумуш орундарына жайгаштырылса, калган 80 студентке элчилик тарабынан укуктук жана консулдук жардам көрсөтүлүүдө.
Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору ыкчам түрдө маалыматтарды текшерүүнү уюштуруп, Кыргызстандык жарандар, “Samara Academy” компаниясынын жетекчилиги жана иш берүүчү Global Recruit Services GmbH компаниясынын өкүлү Энди Вебер менен байланыш түзгөндүгүн кабарлады.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында, 2026-жылдын 20-июлунда иш берүүчү ESN компаниясынан түшкөн буйрутмалардын көлөмү олуттуу кыскаргандыгы тууралуу билдирүү алгандыктан, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу Кыргызстандын 130 жараны менен эмгек мамилелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынганы аныкталды. Бул чечим биздин жарандардын кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттерине байланыштуу эмес. Ишке орноштурууну уюштуруу боюнча түзүлгөн кызмат көрсөтүү келишимине ылайык, жумуштун мөөнөтү 28ден 90 календардык күнгө чейин белгиленет.
Ошол эле учурда иш берүүчү келишимдин мөөнөтүн бир тараптуу тартипте 28 календардык күнгө чейин кыскартууга укуктуу. Ушуга байланыштуу келишимдин шарттары бузулгандыгы тууралуу маалыматтар тастыкталган жок”, – деп айтылат Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тараткан маалыматта.
Борбор кошумчалагандай, Германияга жөнөтүлгөн кыргызстандык 130 жарандын ичинен 50гө жакын жаран башка компанияларга жумушка орноштурулган. Калган жарандарды ишке орноштуруу иштери улантылып, туруктуу көзөмөлдө турат.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жеринен кабар алып, ошол эле учурда эмгек акыларынын төлөнүшүнө көзөмөл жүргүзүү жана зарыл консулдук жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана консул Талант Нажимудинов Бремен шаарына барып, студенттерден кабар алды.

Бул тууралуу элчи өзүнүн Фейсбук тармагындагы баракчасы аркылуу билдирип, жеке өзү да 1978-жылы 18 жашында Россиянын Ярославль шаарына барып иштеп келгендигин эскерип жазды.
“Атам мени чоң үмүт менен күтүп жүргөн экен. Көрсө, “Студенттер стройотряддан жакшы акча таап келишет экен”, – деп бирөөлөрдөн уккан экен. Ошондуктан: “Балам акча алып келет, жаңы салып жаткан үйүбүзгө жардам болот”, – деп үмүт кылса керек. Мен болсо дээрлик акчасыз эле үйгө кирип келдим”, -деп жазды Ө.Текебаев.
Ал бул окуяга элуу жылга жакын убакыт өтсө да, атасынын үмүтүн актай албай калгандыгына өкүнөрүн айтат.
“Кечээ Бремен шаарында биздин студенттер менен жолуктум. Жаштары болгону 18–21де. Ошондо баягы окуя эсиме түштү. Аларды көрүп бир жагынан кайгырдым, бир жагынан сыймыктандым. Балдарыбыз намыстуу, мээнеткеч болуп чоңоюптур.
Алар болгону жумуш сурап жатышты. Жеңилин эмес, , “любой” жумушту. Дагы 20–25 күн иштесек болот эле. Эң оор кара жумуш болсо да иштейбиз. Болгону үйгө куру кол кайткыбыз келбейт деп суранып жатышты алар”, – дейт саясатчы.
Өмүрбек Текебаев, бул жерде кеп акчада эмес, ата-эненин үмүтүндө, баланын намысында, үй-бүлөнүн ыйык сезимдеринде экендигин кошумчалады.
“Ошондуктан ата-энелерге айтарым: бул балдарды күнөөлөбөңүздөр. Алар азамат жаштар. Намыстуу жаштар. Алар ата-энесине жүк болбой, тескерисинче, жардам берүүнү көздөп келишкен. Бул сапар баары ойлогондой болбой калды. Бирок алар чоң турмуштук сабак алышты, эл-жер көрүштү, катаал дүйнөнүн чыныгы жүзүн таанышты. Ошондуктан алар үйгө көп акча алып барбаса да, аларды жеңиш менен келген баатырдай тосуп алыңыздар. Анткени алар өздөрү үчүн эмес, ата-энесинин үмүтү, тилеги үчүн акыркы күнгө чейин намысын бербей турушту. Эрдик деген так ушундай болот!”, – дейт ал.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири коомдук талкуу жараткан бул окуяны алгач коомдук ишмер жана активист Медиса Жокиева өзүнүн социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу жарыялаган.
Анын айтымында, студенттер жайкы үч айлык каникулда уюм аркылуу барып, ар бири 55 миң сомдон төлөгөн. Алар Германияга барышкан соң компаниянын ал жактагы өнөктөштөрү студенттерди жумушту өздөрү табышы керектигин айтышкан.
Андан тышкары, студенттердин жатаканасы талапка жооп бербеген шартта болгон.
Ал эми “Samara Academy” компаниясы немис иш берүүчүсү кампада жумуш азайгандыктан келишимди күтүүсүз токтоткондугун билдирип, айрым маалыматтарды четкен какты. Учурда кыздардын турак жайы төлөнүп, аларды башка вакансияларга жайгаштыруу иштери жүрүп жаткандыгын кабарлады.
Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Samara Academy уюму өзүнүн ишмердүүлүгүн 2014-жылдан бери жүргүзүп келет. Филиалдары Бишкек, Ош жана Жалал- Абад шаарларында бар.


















