Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Мохаммад Акраминия Ормуз кысыгы аскердик коркутуулар же кысым көрсөтүү аркылуу ачылбай турганын билдиргенин Mehr маалымат агенттиги жазды.
Анын айтымында, АКШнын Исламабад меморандумунун шарттарын аткарышы, бардык согуштук аракеттерди токтотушу жана Ирандын эгемендүү укуктарын урматташы — Ормуз кысыгын ачуунун негизги шарттары болуп саналат.
«Ирандын эрки эске алынмайынча, Ормуз кысыгы жабык бойдон калат», — деди Акраминия.
Ал белгилегендей, Тегеран АКШ жана анын союздаштары тарабынан Ормуз кысыгында Исламабадда макулдашылган меморандумдун чегинен тышкары көрүлгөн ар кандай чараларды “куралдуу күчтөр тарабынан токтотула турган эгемендүүлүктү бузуу” деп эсептейт.
Тегеран АКШ менен Израиль 28-февралда Иранга каршы согуш баштаганда Ормуз кысыгын жабуу чечимин кабыл алган. Бул кадам чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу жасалган. Кийинчерээк тараптар Исламабадда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкандан кийин, Ормуз кысыгы убактылуу кайра ачылган. Бирок меморандумдун күчү жоголуп, АКШ деңиз блокадасын кайра жандандыргандан кийин Иран дагы бир жолу кысыкты жабып, ал өлкөнүн шарттары аткарылмайынча ачылбай турганын билдирүүдө.
Иран менен АКШнын ортосундагы жаңы чыңалуу 8-июлда башталган. Америкалык күчтөр Ирандын объектилерине бир катар соккуларды урган. Вашингтон бул аракеттерине Иран Ормуз кысыгында коммерциялык кемелерге кол салды деген жүйө келтирген. Буга жооп катары ирандык күчтөр Кувейт, Бахрейн жана Иорданиядагы америкалык базаларга сокку урган. Андан бери эки тарап тең бир катар аскердик объектилер бутага алынганын билдиришүүдө. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун аракеттерин жетишилген келишимдерди олуттуу түрдө бузуу катары мүнөздөгөн.
9-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп ок атышууну токтотуу режими мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген. 13-июлда Трамп Вашингтонду «Ормуз кысыгынын сактоочусу» деп жарыялап, мындан ары бул деңиз жолу аркылуу өтүү үчүн 20% өлчөмүндө төлөм алынарын билдирген. Бирок ал кийинчирээк бул пландан баш тартып, аны инвестициялык келишимдер менен алмаштырууну чечкенин билдирген.
Ошол эле күнү Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи Тегеран АКШ менен кол койгон меморандумдун шарттарын бир да жолу бузбаганын, ал эми аны аткарбоо үчүн бардык жоопкерчилик Вашингтондун мойнунда экенин билдирген.
Өз кезегинде Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади да меморандум мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген.


















