Иран эки жумага Ормуз кысыгын кемелердин өтүүсү үчүн ачууда. Өтүү Ирандын куралдуу күчтөрү менен макулдашуу аркылуу жана техникалык чектөөлөрдү эске алуу менен ишке ашат.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.
«Эки жума мөөнөткө Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүү Ирандын куралдуу күчтөрү менен координациялоо жана техникалык чектөөлөрдү эске алуу менен мүмкүн болот», — деп айтылат министрдин Х социалдык тармагындагы расмий баракчасында жарыяланган билдирүүсүндө.
АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы соккуларды эки жумага токтотууга макул болгонун айтып, ок атышууну токтотуу эки тараптуу болорун билдирген.
Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши Тегеран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү 10-апрелде, жума күнү, Пакистандын борбору Исламабад шаарында баштай турганын маалымдады.
Ирандын Коопсуздук Кеңешинин маалыматы боюнча АКШ макул болгон сунуштун пункттарына Ормуз кысыгын көзөмөлдөө Иранда калары, Тегеранга карата бардык санкциялар алынары, Ислам республикасы уран байытууну улантары жана АКШнын бардык аскерлери Жакынкы Чыгыштан чыгарылары кирет.


















