Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи “India Today” басылмасына берген маегинде Иран адилеттүү, тең салмактуу келишимге жетишүү мүмкүн экенин айтып, ошол эле учурда өлкөнүн куралдуу күчтөрү өз милдетин аткарууга дайым даяр экенин, өлкө өзүн кантип коргошту билерин белгиледи.
- “India Today” басылмасынын журналисти Аракчиге АКШ президенти Дональд Трамптын Конгресске жасаган кайрылуусунда Иранга эскертүү бергенин белгилеп, Иран даярбы деген суроо узатты.
“Албетте, даярбыз. Биз эки вариантка тең толук даярбыз — согушка да, тынчтыкка да”, – деп жооп берчи министр.
Аракчи Женевада АКШ делегациясы менен сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасына катышарын белгилеп, АКШ менен буга чейинки сүйлөшүүлөрдө айрым жылыштар болуп, белгилүү бир түшүнүшүүгө жетишишкенин белгилеп, анын негизинде адилеттүү жана тең салмактуу келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк бар деп эсептей турганын билдирди.
“Менин оюмча, адилеттүү жана тең салмактуу келишимге жетүү мүмкүн жана биз муну жасай алабыз. Албетте, биздин куралдуу күчтөрүбүз өз ишин аткарууга даяр жана биз өткөн жолкудай эле өзүбүздү кантип коргошубузду билебиз. Өткөн согуштан чоң сабак алдык жана азыр мурдагыдан да жакшыраак даярбыз”, – деди ал.
Аракчи белгилегендей, Ирандын негизги максаты согушту болтурбоо. Эгер өлкө согушка даяр болсо, анда ал согуштун алдын ала алат. Ал эми даяр болбосо, согуш өзү келип калышы мүмкүн. Ошондуктан Иран согушту каалагандыктан эмес, тескерисинче, согуштун алдын алгысы келгендиктен толук даяр. Маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү эң туура жол.
Ал Ирандын тынчтык максаттагы өзөктүк программасы үчүн аскердик чечим жок экенин, Иран тынч максатта өзөктүк технологияны колдонуу укугунан баш тартпай турганын, бул өлкөнүн так позициясы экенин белгиледи. Ошондуктан ал Женевадагы сүйлөшүүлөрдө адилеттүү жана эки тарапка тең ылайыктуу чечим табууга мүмкүнчүлүк бар деген ишенимин билдирди.
- Журналист Аракчиге Трамп Иран АКШга жете ала турган ракеталарды иштеп чыгып жатканын айтканын, бул канчалык чын деген суроо узатты.
Аракчи бул маалыматты четке какты. Министрдин айтымында, Иран ракеталарынын учуу аралыгын атайылап эки миң чакырым менен чектеген, ал эми ракеталардын өзү коргонуу жана токтотуу максатында иштелип чыккан жана глобалдык коркунуч жаратпайт.
- Ирандын ТИМ башчысы журналисттин эгер АКШ чабуул жасаса, аймактагы базалар эмне болот деген суроосуна да жооп берди.
“Аймактагы көп өлкөлөр согушка каршы экенин билдиришти. Бирок эгер АКШ Иранга чабуул жасаса анын аймактагы базалары мыйзамдуу бутага айланат. Биз аларды кошуналарыбыздын же башка өлкөнүн аймагы эмес, америкалык базалар деп эсептейбиз. Буга чейин да Катардагы базага сокку урганда, биз алдын ала Катар тарапка билдиргенбиз. Бул Катарга каршы эмес, АКШга каршы экенин түшүндүргөнбүз”, – деди Аракчи.
- Журналист эгер Женевадагы сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болсо, аскердик вариант бар экенин, Ирандын буга реакциясы кандай болорун сурады.
“Ооба, аскердик вариант бар. Алар биздин айланабызда чоң аскердик күч топтошту. Бирок коркутуу менен бизди багындыруу мүмкүн эмес. 12 күндүк согушта да бизге «шартсыз багынгыла» деген талап коюлган. Бирок андай болгон жок. 12 күндөн кийин тескерисинче алар өздөрү шартсыз ок атышууну токтотууну суранышты. Эгер алар ийгиликсиз тажрыйбасын кайра кайталашса, андан натыйжа болбойт. Биз азыр мурдагыдан да жакшыраак даярдыктабыз. Жаңы согуш болсо, анда жеңүүчү болбойт. Америкалык базалар аймактын ар кайсы бөлүктөрүндө чачырап жайгашкандыктан, тилекке каршы, бул бүтүндөй аймакты камтыган кыйратуучу согуш болот”, – деди ирандык министр.
Ал аймакта согушту каалаган жалгыз тарап Израиль экенин айтып, алар АКШны Иран менен согушка тартууга аракет кылып жатканын билдирди.


















