Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони АКШнын президенти Дональд Трамптан Газа секторун калыбына келтирүү жана башкаруу боюнча түзүлгөн «Тынчтык кеңешинин» форматын кайра кароону суранды. Бул тууралуу ал Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен болгон өкмөттөр аралык саммитте билдирди. Мелонинин сөздөрүн ANSA агенттиги келтирди.
«Биз бул демилгенин түзүмүндө объективдүү көйгөйлөр бар экенин көрүп жатабыз, ал тургай алар конституциялык мүнөзгө ээ. Бүгүнкү күндө бизге жиберилген мыйзам конституцияга каршы келет жана ошондуктан биздин укуктук системабызга шайкеш эмес. Мен америкалыктардан бул келишимди кайра карап чыгууга даярбы деп сурадым», — деди Мелони.
Ошол эле учурда премьер-министр ок атышууну токтотууну бекемдөө жана аны узак мөөнөттүү чечимге айлантуу үчүн жүргүзүлө турган иштер Италиянын катышуусун талап кыларын белгиледи.
Газа секторунда «Тынчтык кеңешин» түзүү жөнүндө АКШнын президенти Дональд Трамп 2026-жылдын 16-январында жарыялаган. Бул уюмду түзүү америкалык лидердин Газа боюнча тынчтык планынын бир бөлүгү болуп, эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу маселесин да камтыган. Кеңештин эл аралык уюм катары максаты — туруктуулукка көмөктөшүү, тынчтыкты камсыз кылуу жана кагылышуулар болгон же болуу коркунучу бар аймактарда «ишенимдүү жана мыйзамдуу» башкарууну калыбына келтирүү.
Трамп Газа боюнча «Тынчтык кеңешине» Россиянын президенти Владимир Путинди да кошулууга чакырган. Путин АКШ президентинин жеке кайрылуусун алганын айтып, Ак үйдүн башчысына ыраазычылык билдирген.


















