Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Серепчи: “Трамп кызматтан кеткенде “Тынчтык кеңеши” символикалуу түзүмгө айланып калышы мүмкүн”

  • Эксперттин пикири
  • 23.01.2026 16:31

Loading

Швейцариянын Давос шаарында 22-январда АКШ президенти Дональд Трамптын демилгеси менен түзүлгөн эл аралык орган – “Тынчтык кеңешинин” уставына кол коюлду.

Жаңы түзүлүп жаткан бул платформа дүйнөлүк коомчулукта кызуу талкуу жаратып, аны айрымдар эл аралык коопсуздуктагы жаңы мүмкүнчүлүк катары бааласа, башкалары “БУУга альтернатива болобу?” деген суроону коюшууда. Айрыкча чакан жана орто мамлекеттер үчүн мындай демилгелердин саясий мааниси өзгөчө кызыгуу жаратууда. Кыргызстан сыяктуу көп векторлуу тышкы саясат жүргүзгөн өлкө үчүн “Тынчтык кеңешине” катышуунун пайдалуу же кооптуу жактары барбы? Бул уюм чындап эле глобалдык маселелерди чечүүгө жөндөмдүүбү же саясий символ катары эле калабы? “Евразия Тудей” агенттигинин ушул жана башка суроолоруна саясий серепчи Төлөгөн Келдибаев жооп берди. Анын бул маселедеги Кыргызстанга тиешелүү ой-пикирлерине көңүл буруңуздар.

-Төлөгөн мырза, АКШ президенти Дональд Трамп демилгелеп түзүлгөн “Тынчтык кеңешине” Армения сыяктуу Кыргызстан да суранып кирсе болот беле? Же ал жактан пайда жокпу? Кандай ойлойсуз?

Тема боюнча

АКШ Орусия менен Кытайдын колдоосу аркылуу В. Орбанды БУУнун башкы катчысы кызматына көрсөтүүдө

АКШ Орусия менен Кытайдын колдоосу аркылуу В. Орбанды БУУнун башкы катчысы кызматына көрсөтүүдө

26.10.2026

-Эл аралык саясатта ар бир жаңы демилге мүмкүнчүлүк менен кошо тобокелдикти да алып келет. “Тынчтык кеңеши” – азырынча толук калыптанып, укуктук макамы так бекитилген структура эмес. Ошондуктан ага “мүчө болуу” маселеси юридикалык эмес, көбүнчө саясий-дипломатиялык мүнөздө болуп калат.

Эгер Кыргызстан сыяктуу чакан жана нейтралдуу позицияны карманган мамлекеттер мындай аянтчаларга кирип калышса, теориялык бир канча пайдасы бар десек болот. Мисалы: өз позициясын түздөн-түз ири державаларга түз жеткирүү, аймактык коопсуздук маселелерин эл аралык деңгээлге чыгаруу, дипломатиялык ишмердүүлүгүн жогорулатуу деген сыяктуу ийгилик жаратчу маселелер болот.

Бирок практикалык жагын алып карасак, эгер кеңеш реалдуу чечим кабыл алып, аны аткарууга таасир эте албаса, анда катышуунун пайдасы деле жок. Кыргызстан үчүн эң маанилүүсү – тышкы саясатты баланс менен сактоо эң маанилүү. Кайсы бир мамлекеттердин белгилүү бир ири державага ашыкча ыктоо – узак мөөнөттүү кызыкчылыктарга каршы келиши мүмкүн.

-“Тынчтык кеңеши” түзүлүп, иштей баштады деп жарыяланды. Бирок аны “БУУ-2” деп сындап атышат. Анткен менен өзү төрага болгон Трамп кызматтан кетсе, бул кеңештин келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

-Бул сын негиздүү. Эл аралык тарыхта жеке лидердин демилгеси менен түзүлгөн уюмдар көп учурда институт катары эмес, адамдын өзү менен эле кошо жашайт. Эгер бул кеңеш өз алдынча уставы, туруктуу каржылоо булагы, кеңири эл аралык колдоосу болбосо, анда Трамптын саясий салмагы азайганда же ал активдүү саясаттан кеткенде, бул платформа да формалдуу же символикалык түзүмгө айланып калуусу толук ыктымал.

Ошондуктан азырынча “Тынчтык кеңешин” толук кандуу глобалдык институт катары эмес, саясий таасир куралы катары бааласа туура болот.

-БУУнун көпчүлүк чечимдери аткарылбай калганы боюнча эл аралык сындар көп айтылып жатат. БУУ чындан эле эскирдиби?

-Бириккен Улуттар Уюму эскирди деп айтуу бир аз жөнөкөйлөштүрүлгөн баа болмок. Маселе БУУнун өзүндө эмес, аны түзгөн мамлекеттердин саясий эркинде. Коопсуздук кеңешиндеги вето укугу чечимдерди бөгөттөп коюшу, ири державалар эл аралык укукту тандап эмес, саясий кызыкчылыкка жараша колдонуп кетиши, санкциялар менен резолюциялардын аткарылышына мажбурлоо механизминин алсыздыгы сыяктуу көрүнүштөр БУУнун негизги көйгөйлөрү болуп атат.

Ошол эле учурда БУУ гуманитардык жардам, качкындар маселеси, саламаттык сактоо, климат жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча опол тоодой роль ойноп жатат. Демек, БУУ “эскирди” дегендик эмес, ал реформага муктаж.

Жыйынтыктап айтканда, Трамптын “Тынчтык кеңеши” сыяктуу жаңы демилгелер – дүйнөлүк тартип өзгөрүп жатканын көрсөтөт. Бирок алар БУУнун ордун толук баса албайт. Кыргызстан үчүн эң туура жол – эмоцияга эмес, улуттук кызыкчылыкка таянган, салмактуу жана көп векторлуу тышкы саясатты улантуу.

-Канада, Франция, Италия сыяктуу көпчүлүк Европа мамлекеттери бул Кеңешке кошулбай койду. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

-Бул мамлекеттердин кошулбай коюусунун бир нече негизги себеби бар деп ойлойм. Биринчиден, Канада, Франция, Италия сыяктуу өлкөлөр эл аралык легитимдүүлүк маселесине өтө этият мамиле кылат. “Тынчтык кеңеши” азырынча БУУ сыяктуу эл аралык укукка таянган, универсалдуу кабыл алынган институт эмес. Анын укуктук макамы, чечимдеринин милдеттүүлүгү жана жоопкерчилик механизмдери так аныкталган эмес. Мындай шартта Европа мамлекеттери ага кошулуу менен өздөрүнүн эл аралык милдеттенмелерине көлөкө түшүрүп алуу коркунучун көрүшү мүмкүн.

Экинчиден, бул өлкөлөрдүн көбү дүйнөлүк коопсуздук маселелеринде БУУну негизги платформа катары сактап калууга кызыкдар. Алар үчүн БУУнун алсыз жактарына карабастан, аны айланып өтө турган жаңы түзүмдөрдүн көбөйүшү эл аралык системанын дагы да бөлүнүп-жарылышына алып келиши ыктымал. Ошондуктан “БУУ-2” катары кабыл алынган демилгелерге этият мамиле кылышууда.

Үчүнчүдөн, “Тынчтык кеңеши” АКШ президентинин жеке саясий демилгеси катары кабылданып жатат. Европа мамлекеттери болсо эл аралык уюмдар конкреттүү лидерге эмес, туруктуу институтка таянуусу керек деген позицияны карманат. Трамптын саясий келечеги белгисиз шартта, узак мөөнөттүү стратегиясын мындай платформа менен байланыштыруу алар үчүн логикага коошпой турат.

Акырында, Европа өлкөлөрү өздөрүнүн коопсуздук архитектурасын негизинен НАТО, ЕБ жана БУУ аркылуу жүргүзүп келет. Алар үчүн жаңы кеңеш кошумча дивиденд алып келбестен, тескерисинче, тышкы саясаттагы балансты татаалдатышы мүмкүн. Ошондуктан азырынча байкоочу позицияны тандап, убакытты күтүү тактикасын карманып жатышат.

Маектешкен: А. Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: БУУГазаны башкаруу боюнча «Тынчтык кеңеши»
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кубанын ТИМ башчысы БУУнун Башкы Ассамблеясында АКШнын туруктуу өкүлү менен кайым айтышты

Кубанын ТИМ башчысы БУУнун Башкы Ассамблеясында АКШнын туруктуу өкүлү менен кайым айтышты

28.10.2026
АКШ Орусия менен Кытайдын колдоосу аркылуу В. Орбанды БУУнун башкы катчысы кызматына көрсөтүүдө

АКШ Орусия менен Кытайдын колдоосу аркылуу В. Орбанды БУУнун башкы катчысы кызматына көрсөтүүдө

26.10.2026
«Түлкү тооккананы кайтарууга талапкер болуп жатат!». Галибаф БУУнун башкы катчылыгына БАЭ өкүлүнүн талапкер болушун сынга алды

«Түлкү тооккананы кайтарууга талапкер болуп жатат!». Галибаф БУУнун башкы катчылыгына БАЭ өкүлүнүн талапкер болушун сынга алды

26.10.2026
Гросси Ирандын өзөктүк программасын кайрадан «текшерүүгө» чакырды

Гросси Ирандын өзөктүк программасын кайрадан «текшерүүгө» чакырды

24.10.2026
БУУ Ооганстанда аялдарга жана ЖМКларга каршы репрессиялар күчөгөнүн билдирди

БУУ Ооганстанда аялдарга жана ЖМКларга каршы репрессиялар күчөгөнүн билдирди

16.10.2026
Ирандын делегациясы Нью-Йорктон АКШнын талабы менен чыгарылганы четке кагылды

Ирандын делегациясы Нью-Йорктон АКШнын талабы менен чыгарылганы четке кагылды

01.10.2026
БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясы ишин аяктады

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясы ишин аяктады

30.09.2026
Ирандын ТИМ башчысы БУУнун баш катчысына АКШ дипломатияга бир нече жолу чыккынчылык кылганын айтты

Ирандын ТИМ башчысы БУУнун баш катчысына АКШ дипломатияга бир нече жолу чыккынчылык кылганын айтты

29.09.2026
Ирандык эксперт: Президенттин БУУдагы сөзү өлкөнүн позициясын дүйнөгө так жеткирди

Ирандык эксперт: Президенттин БУУдагы сөзү өлкөнүн позициясын дүйнөгө так жеткирди

25.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.