Евробиримдикке (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү АКШ президенти Дональд Трамп демилгелеген «Тынчтык кеңешине» кирүү тууралуу чакырууну кабыл алган жок. Бул тууралуу Financial Times (FT) басылмасы өз булактарына таянып маалымдайт.
Газетанын маалыматына караганда, Европада көптөр «Тынчтык кеңеши» глобалдык жаңжалдарды жөнгө салуудагы негизги эл аралык аянтча катары Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) экинчи планга сүрүп коюшу мүмкүн деп кооптонушууда. FTнин маектештери белгилегендей, Евробиримдикти тынчсыздандырган дагы бир жагдай — кеңештин курамына Россиянын президенти Владимир Путиндин чакырылышы болгон.
АКШ президенти «Тынчтык кеңешин» түзүү тууралуу 16-январда жарыялаган. Анын аткаруучу комитетине мамлекеттик катчы Марко Рубио, атайын өкүл Стив Уиткофф, президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер жана Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр кирген.
Кеңешке катышарын буга чейин Беларустун президенти Александр Лукашенко, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян тастыкташкан.
Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, АКШ Кеңештеги орун үчүн 1 миллиард доллар талап кылган, бирок Беларустун бийлиги бул маалыматты четке кагууда. Ал эми Россия азырынча макулдугун бере элек. Эртең Дональд Трамп кеңешти түзүү тууралуу макулдашууга кол коюуну пландап жатат.



















