Ирандын укук коргоо органдары башаламандыкка катышкан куралдуу топтордун кеминде 200 жетекчисин жана уюштуруучусун кармашты. Бул тууралуу Tasnim агенттиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, укук коргоо органдарындагы айрым булактардын билдирүүсүнө ылайык, азыркы учурда 200гө жакын оперативдүү террористтик топтордун башчылары жана жетекчилери кармалган. Ошондой эле алардын жашынган жайларынан көп сандагы курал-жарак, ок-дары, гранаталар жана «Молотов коктейлдери» конфискацияланган.
Маалымат агенттигинин белгилешинче, топ жетекчилеринин кармалышы 10-январда башаламандык аракеттеринин интенсивдүүлүгүнүн төмөндөшүнө себептердин бири болгон.
Ирандагы нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрь айынын аягында жергиликтүү валюта — иран риалынын кунунун түшүшүнө байланыштуу башталган. Протесттердин негизги темасы валюта курсунун кескин өзгөрүшү жана анын дүң жана чекене бааларга тийгизген таасири болду.



















