Ирандын борбору Тегеранда АКШ менен Израилдин аба соккусунда шейит болгон Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана анын үй-бүлө мүчөлөрү менен коштошуу зыйнаттары аяктады.
Хаменеинин сөөгү Тегеранда төрт күнгө созулган коштошуу иш-чараларынан кийин Ирандын ыйык Кум шаарына жеткирилди. Бүгүн эртең менен Жамкаран мечитине жүз миңдеген адамдар чогулуп, маркумга жаназа намазы окулду.
Эртең, 8-июлда өлкө лидерин акыркы сапарга узатуу иш-чаралары Ирактын эки шаары — Наджаф жана Кербелада уланат. Маркумдун сөөгү 9-июлда Ирандын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарында жерге берилет.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменей 2026-жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккуларынын натыйжасында шейит болгон. Чабуулдун кесепетинен анын үй-бүлө мүчөлөрү — кызы, күйөө баласы, келини жана 14 айлык небереси да каза болгон.
Сүрөттө: маркум Али Хаменеинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн табыты, лидердин үстөлү жана Ислам республикасынын негиздөөчүсү Рухолла Хомейнинин портрети.

Сүрөттө: Хаменеинин үч уулу — Мостафа, Мейсам жана Масуд Хаменеилер Тегерандагы “Мосалла” диний комплексинде атасы менен коштошуп жаткан учур. Ал эми анын мураскери катары тандалган уулу Можтаба Хаменеи зыйнатка катышкан жок.

Тегерандагы коштошуу зыйнатына Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, парламенттин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф жана Тышкы иштер министри Аббас Аракчи да катышты.

Тегерандагы коштошуу зыйнаттары 6-июлга чейин уланып, акыркы күнү таң эрте борбор калаанын бордук көчөлөрүндө жогорку лидердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн табыттары менен аза жүрүшү өттү. Бийликтин жана эл аралык байкоочулардын божомолу боюнча Тегерандагы аза жүрүшүнө жалпысынан болжол менен 12–15 миллион адам катышты.
Сүрөттө: 6-июлда Тегеранда маркум Али Хаменеинин түйүлгөн муштумунун айкелинин айланасына чогулган миңдеген аза күтүүчүлөр. Айкел «Ынкылаб» аянтына орнотулган.

















