Тегеранда өлкө лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатынын биринчи күнүндө метро аркылуу 6,4 миллион каттам катталды.
Буга чейин Иран бийлиги өлкө лидери менен коштошуу, акыркы сапарга узатуу жана жерге берүү аземдерине өлкө боюнча жалпысынан 18 миллиондон 35 миллионго чейин адам катышышы мүмкүн экенин билдиришкен. Алардын ичинен Тегеранда 17 миллиондой адам чогулат деп күтүлүүдө.
Мындай ири масштабдагы иш-чараларга байланыштуу борбор шаар Тегеранда жол кыймылына кеңири чектөөлөр киргизилип, шаар тургундарына мүмкүн болушунча жеке автоунааларын колдонбоо сунушталган.
Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, зыйнат башталган 3-июлда Тегерандын метрополитени рекорддук жүк менен иштеп, жалпысынан 6 миллион 466 миң каттамды тейледи.
Билдирүүгө ылайык, бардык метронун бардык мүмкүнчүлүктөрү толугу менен колдонулуп, поезддердин жүрүү аралыгы 5 мүнөттөн да аз убакытка чейин кыскартылган.
4-июль “Мосалла” комплексинин эшиги эл үчүн ачылган күнү элдин көптүгүнө улам айрым станциялар — өзгөчө Шахид Бехешти жана “Мосалла” станцияларында поезддер убактылуу токтобой өтүп жатты.
Ошондой эле шаар бийлиги тарабынан кошумча чаралар көрүлүп, тез жүрүүчү автобус линиялары толук ишке киргизилген. Негизги аянттардан жана транспорт түйүндөрүнөн “Мосалла” комплекси багытына кошумча автобустар уюштурулган.
Өлкө лидери Али Хаменеи менен коштошуу аземи 3-июлдан баштан Тегеран шаарындагы “Мосалла” комплексинде өтүп жатат. Бүгүн эртең менен Хаменеи жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жаназа намазы окулуп, ага миллиондогон адамдар катышты.
Тегерандагы иш-чаралар 6-июлга чейин уланып, андан соң шаар көчөлөрү аркылуу жөө жүрүш өтөт. Эртеси 7-июлда Али Хаменеинин сөөгү Кум шаарына жеткирилет. 8-июлда Ирактын Кербала жана Наджаф шаарларында коштошуу зыйнаты өтөт. Ал эми 9-июлда анын сөөгү кайрадан Иранга алынып келип, туулуп-өскөн Мешхед шаарында жерге берилет.















