14-сентябрдан 17-сентябрга чейин «Шахр-э-Афтаб» көргөзмө борборунда 7-Тегеран эл аралык автоунаа көргөзмөсү өтүп жатат.
IRNA агенттигинин маалыматына караганда, «Shahr-e Aftab» көргөзмө компаниясынын башкы директору жекшемби күнү: «Бул көргөзмө өлкөдөгү эң көп келген иш-чаралардын бири жана ал ушул көргөзмө комплексинде ачылды», — деп билдирди.
Мохаммад Мехди Салари: «Эгер бул көргөзмө Тегерандагы туруктуу эл аралык жарманке аянтында өткөрүлгөндө, шаар жол тыгындарына туш болмок. Ал эми Shahr-e Aftab өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрү жана инфраструктурасы менен ар кандай көргөзмөлөрдү уюштуруучулар үчүн жакшы жай болуп саналат», — деп кошумчалады.
Мындан тышкары, көргөзмөнү уюштуруучу Ideh Tejarat Hermes компаниясынын башкы директору: «Бул көргөзмөгө 35 автоунаа тобу катышат. Компаниялардын продукциялары жана жетишкендиктери көрсөтүлүү менен бирге, биз керектөөчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатууну жана алардын суроо-талабын канааттандырууну көздөп жатабыз», — деди.
Мехди Асади: «Бул көргөзмө биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Анын аянты 22 миң чарчы метрден ашат. Көргөзмөнүн түштүк бөлүгүндө тест-драйв өткөрүү үчүн төрт аянтча бар. Ал жерде коноктор сунушталган айрым автоунааларды жакындан көрүп, сынап көрө алышат», — деп кошумчалады.
Ал: «Көргөзмөгө эл аралык автоунаа компаниялары, өзгөчө Кытайдын компаниялары, абдан кеңири катышууда. Биз көргөзмө жакшы кабыл алынат деп болжолдоп жатабыз», — деди.
Асади белгилегендей, «Кырсыктарга жок!» аттуу социалдык кампания быйыл да атайын адистештирилген подкасттардын сериясы түрүндө улантылат.















