Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Лукашенко: «Жыттанып кеткен Европа» таза аба үчүн Беларуска акы төлөшү керек

  • Европа
  • 13.11.2025 11:46

Loading

Европада дээрлик таза абанын булагы калган жок, ошондуктан жакында ал аны Беларусиядан сатып алууга аргасыз болот, — деп билдирди президент Александр Лукашенко.

«Анткени кычкылтек — бул токойлордон, баткак жерлерден чыгат. Европада андай жок. Ал эми бизде бар. Шамал ошол жакка алып барат, алар биз берген таза аба менен дем алып жатышат. Ошондуктан мунун баарына төлөшү керек», — деди Лукашенко Березин биосфералык коругун кыдырып жатып.

Лукашенконун айтымында, «ден соолук берип» жаткан Беларуська ыраазычылык билдирүүнүн ордуна, Европа өлкөлөрү санкциялар менен «муунтуп» жатышат.

Тема боюнча

Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

29.10.2026

«Бул мезгил да өтөт. Азыр деле өтүп жатат… Келет ошол учур, жыттанып кеткен Европа бизге Кудай берген байлыкты сактап жаткандыгыбыз үчүн акча төлөйт. Бул сөз бир аз керектөөчүлүк мүнөздө угулушу мүмкүн, бирок биздин эл да мындан пайда көрсө дейм», — деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле Лукашенко өз сөзүнө мындай деп  кошумчалады, Беларуста бар токойлор «башка жерде жок», Россияны кошпогондо. «Бирок аларда эл көп, Европаны болсо толугу менен булгап салышкан», — деди ал.

Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путиндин досу, «Курчатов институтунун» жетекчиси Михаил Ковальчук да ушундай билдирүү жасаган. Ал Батыш өлкөлөрү колдонгон парник газдарын чектөө квоталарынын системасын сындап, Россия дүйнөдөгү эң чоң токой массивдерине ээ экенин белгилеген.
«Бул эмнени билдирет? Биз көмүр кычкыл газын сиңирип жатабыз — бизге ал жетишпейт. Алар бизге акча төлөшү керек, анткени биз планетаны „тазалап“ жатабыз. Ал эми алар бизге квота коюшат», — деп нааразы болгон Ковальчук.

2024-жылы Беларустун европалык кошуналары — Польша, Литва жана Латвия — экологиялык натыйжалуулук боюнча Environmental Performance Index рейтингинде Беларустан жогору орундарды ээлешкен: тиешелүүлүгүнө жараша 20 -, 21- жана 30-орундар. Беларусь 32-орунда, ал эми Россия — 83-орунда жайгашкан.

Бул рейтингде жалпы 180 өлкө камтылган. Позициялар 58 көрсөткүч боюнча эсептелет: таштандыларды башкаруу, абанын булгануу деңгээли, токойлордун кыскарышы, ичүүчү суунун коопсуздугу жана башка көрсөткүчтөр. Алдыңкы бештикке Эстония, Люксембург, Германия, Финляндия жана Улуу Британия кирет.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Александр ЛукашенкоБеларусьЕвропа
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026
Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

29.10.2026
Азия менен Европанын ортосундагы газ үчүн күрөш бааларды үч эсеге көтөрдү

Азия менен Европанын ортосундагы газ үчүн күрөш бааларды үч эсеге көтөрдү

23.10.2026
Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

21.10.2026
Кремль: Европадагы нааразылык акциялары «башаламандыкка айланып кетүү чегине жетти»

Кремль: Европадагы нааразылык акциялары «башаламандыкка айланып кетүү чегине жетти»

20.10.2026
Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

19.10.2026
NYT: АКШда орус газын Европага жеткирүүнү кайра жандандыруу сунушталды

NYT: АКШда орус газын Европага жеткирүүнү кайра жандандыруу сунушталды

19.10.2026
Кыштын  алдындагы энергетикалык кризис: Европа канчалык туруктуу?

Кыштын  алдындагы энергетикалык кризис: Европа канчалык туруктуу?

16.10.2026
Европа менен АКШда күйүүчү май тартыштыгы күч алууда

Европа менен АКШда күйүүчү май тартыштыгы күч алууда

13.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.