Россиянын президенти Владимир Путин келерки аптада өлкөгө мамлекеттик сапар менен бара турган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушат.
Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
“Владимир Путин Россияга мамлекеттик сапар менен бара турган казак президенти менен жолугушат. Россиянын президентинин графигинде ошондой эле өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу каралган”, – деп айталат маалыматта.
9-октябрда Душанбеде өткөн экинчи Борбор Азия-Россия саммитинде казак президенти өлкөгө мамлекеттик сапары 12-ноябрда болорун жарыяланган.
Кошумчалай кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Ак үйдө болгон жолугушуусу өткөн жумада өттү.
Тараптар 17 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдер жана көп кырдуу, кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүккө келишим түзүшкөн.
Жолугушуу учурунда казак президенти Дональд Трампты “улуу лидер” деп атаган.



















