Беларус Республикасынын президенти Александр Лукашенко 2026-жылы Иранга расмий сапар менен барышы мүмкүн. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Саид Хатибзаде СТВ беларус телеканалынын журналисти Григорий Азаренкого берген маегинде билдирди.
«Кийинки жылы Беларус Республикасынын президентинин жогорку деңгээлдеги визитин Иранда күтүп жатабыз», — деди дипломат.
Ал ошондой эле жакынкы убакта Ирандын тышкы иштер министринин Беларуска сапары уюштуруларын белгиледи. Хатибзаденин айтымында, тараптар экономикалык маселелер боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын, ТИМдер аралык кеңешмелерди өткөрүүнү талкуулап жатышат.
Август айында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Беларуска сапар жасаган. Лукашенко ирандык лидер менен жолугушууда Беларустун Иран менен бардык маселелерди, анын ичинде азык-түлүк жеткирүү жана аскердик-техникалык кызматташтык багыттарын талкуулоого даяр экенин билдирген.
Беларус президенти ошондой эле «бизде жабык темалар жок» деп белгилеп, эки өлкөнүн өнөктөштүгү үчүнчү тараптарга каршы багытталбаганын айткан.
Буга чейин Лукашенко Беларус жана Иранга каршы киргизилген санкцияларды экономикалык терроризм деп атаган.


















