Ирандын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан Тафтан вулканы 700 миң жылдан ашуун убакыт бою уйкуда болуп, эми ойгоно баштаганы байкалууда. Мындай бүтүмгө 7-октябрда америкалык Geophysical Research Letters илимий журналында доклад жарыялаган окумуштуулар келишти.
Изилдөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, 2023-жылдын июль айынан 2024-жылдын май айына чейинки 10 айдын ичинде Тафтан вулканынын деңгээли 9 сантиметрге көтөрүлгөн. Вулкан кадимки абалына кайта элек, бул анын астында газдын басымы топтолуп жатканын көрсөтөт. Окумуштуулар бул көрүнүштү эске алуу менен Тафтандын статусун кайра карап чыгып, анын активдүүлүгүн тыкыр байкоого алуу зарыл деп эсептешет.
Ирандын ILNA агенттиги белгилегендей, Тафтан вулканынын бийиктиги болжол менен 3940 метрди түзөт. Ал Иран менен Пакистандын чек арасына жакын тоолуу аймакта жайгашкан жана Аравия океанынын кыртышы Евразия континентинин астына кирген учурда пайда болгон. Вулканда активдүү күкүрт булактары бар, ошондуктан күкүрт газдарынын чыгышы байкалат.


















