Дүйнөдөгү эң бай адамдар белгисиз келечекке активдүү даярданууда: бункерлерди куруп, үйлөрүн бекемдеп, жашап калуу технологияларына инвестиция салып жатышат.
Бул тууралуу BBC маалымдады.
Дүйнөлүк миллиардерлердин арасында акыр заман болушу мүмкүн деген коркунуч күчөп баратат. Маалыматтарга караганда, Марк Цукерберг дагы 2014-жылы эле Гавайида Koolau аттуу ири комплекс курууну баштаган. Анын аянты 1400 акрдан ашык болуп, өзүнчө энергия булагы жана азык-түлүк кору бар автономдуу жашыруун жайларды камтыйт. Курулушта иштеген кызматкерлерге жоболорду ачык айтууга тыюу салынган. Facebook негиздөөчүсү бункер куруп жатат дегенди өзү четке какканы менен, анын Калифорниядагы үйлөрү жана жер алдындагы жайлары коомчулукта талкуу жараткан — айрым кошуналары бул кадимки жер төлө эмес, толук кандуу башпаанек деп эсептешет.
Бул көрүнүш Цукерберг менен эле чектелбейт. LinkedIn негиздөөчүлөрүнүн бири Рид Гоффман билдиргендей, өтө бай адамдардын болжол менен жарымы “апокалипсиске камсыздандыруу” катары Жаңы Зеландиядан кыймылсыз мүлк сатып алып же жер алдында бункерлерди даярдап келишет.
Алардын арасында технологиялык компаниялардын жетекчилери да бар — алар климаттык коркунучтардан тышкары, жасалма интеллекттин (ЖИ) өтө тез өнүгүшүнөн да чочулашат. Көптөрдүн ою боюнча, технологиялар көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуу дал ушундай жашыруун жайларды куруунун негизги себеби болуп калган.



















