Рекорд ишкерге Tesla компаниясынын акцияларына опциондордун кайра берилиши менен байланыштуу. Forbes эсептегендей, азыр анын байлыгы 749 млрд долларды түзөт.
SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск тарыхта биринчи болуп жеке байлыгы 700 млрд доллардан ашкан адам болду деп жазат Forbes.
Жаңы рекорд АКШнын Делавэр штатынын сот чечими менен байланыштуу. Жогорку инстанция төмөнкү соттун Маскка берилген Tesla акцияларына опциондорду жокко чыгарган чечимин жокко чыгарып, аларды кайра күчүнө киргизди. Бул опциондордун учурдагы баасы 139 млрд долларды түзөт. Forbes маалыматы боюнча, бул чечимден кийин Масктын жалпы байлыгы 749 млрд долларга жетти. Ишкердин Teslaдагы 12 пайыздык үлүшү 197 млрд долларга бааланууда.
Беш күн мурда гана, 15-декабрда, Маск тарыхта биринчи болуп 600 млрд долларлык чекке жеткен. Бул рекорд SpaceX компаниясы 2026-жылга пландалган IPO алдында өзүн 800 млрд долларга баалагандан кийин жаңырган. Bloomberg бул акцияларды жайгаштыруу тарыхтагы эң ири IPO болушу мүмкүн экенин белгилеген.
Бул баалоо SpaceX акцияларынын болжол менен 42 пайызына ээ болгон Масктын байлыгын дагы 168 млрд долларга көбөйткөн. Forbes маалыматына ылайык, Масктын SpaceXтеги үлүшү 336 млрд долларга бааланып, анын эң кымбат активи болуп саналат.
Басылма белгилегендей, учурда Маск дүйнөдөгү эң бай адам макамын жоготууга караганда триллионер макамына жакыныраак турат. Bloomberg маалыматы боюнча, SpaceX жетекчисинин байлыгы дүйнөдөгү экинчи эң бай адам — Google компаниясынын тең негиздөөчүсү Ларри Пейджден (байлыгы 265 млрд доллар) 373 млрд долларга көп.
Октябрь айында Масктын байлыгы рекорддук 500 млрд доллардан ашкан. Ал эми 300 млрд жана 400 млрд доллардык чекке буга чейин Oracle компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Эллисон гана жеткен.



















