Дүйнө калкынын эң бай 1% кишилеринин байлыгы 2015-жылдан бери реалдуу эсепте 33,9 триллион долларга көбөйгөнүн Oxfam уюмунун БУУнун Севильяда өтө турган өнүгүүнү каржылоо боюнча конференциясынын алдында жарыялаган жаңы баяндамасы көрсөттү.
«Жекече байлыктын асман тиреген өсүшү» гуманитардык жардамдын рекорддук кыскаруусу менен коштолууда: G7 өлкөлөрү 2026-жылы бул жардамды 2024-жылга салыштырмалуу 28% кыскартат — бул 1960-жылдан берки эң чоң төмөндөө болуп саналат.
2015-жылдан бери 3000 миллиардердин байлыгы 6,5 триллион долларга көбөйүп, дүйнөлүк ИДПнын 14,6%ына жетти. Ошол эле учурда 1995-жылдан 2023-жылга чейин жекече капитал 342 триллион долларга көбөйгөн — бул мамлекеттик активдерден (44 триллион доллар) сегиз эсе көп.
Ошол эле маалда дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн 60%ы карыз кризисинин чегине жетип, карызды тейлөөгө саламаттыкты сактоо жана билим берүүгө караганда көп каражат коротуп жатышат. Кирешеси төмөн өлкөлөрдүн карызынын жарымынан көбүн кармаган жеке кредиторлор реструктуризациядан баш тартып, катаал шарттарды коюу менен абалды ого бетер татаалдаштырып жатышат.
Россиядагы байлар
Bloomberg Billionaires Index (BBI) маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери орусиялык эң бай ишкерлердин жалпы байлыгы 22,5 миллиард долларга көбөйдү.
Дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын ичинен 22си — россиялыктар.
Жыл башынан бери эң көп киреше тапкан — «Норникелдин» ээси Владимир Потанин. Анын байлыгы азыр 31,7 миллиард долларды түзөт (өсүшү — 3,82 миллиард).
«Металлоинвест» компаниясынын акционери Алишер Усманов 3,7 миллиард долларга байыды, анын капиталы азыр 16,9 миллиард долларга жетти.
«Лукойл» компаниясынын шериктеш ээси Вагит Алекперов да жыл башынан бери байлыгын 561 миллион долларга көбөйтүп, учурда анын байлыгы 25,9 миллиард долларды түзөт.



















