Иран бийлиги Ислам Республикасын антисемитизмди колдойт деп айыптап, Иран элчисин өлкөдөн чыгарган Австралиянын достукка жатпаган аракеттерине жооп иретинде симметриялуу чараларды көрдү.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багайи билдирди.
“Дипломатиялык укукка ылайык, Австралиянын аракеттерине жооп катары Иран Ислам Республикасы да Австралиянын Ирандагы дипломатиялык катышуусунун деңгээлин төмөндөттү. Австралиянын элчиси өлкөдөн чыгып кетти”, – деп келтирет Tasnim агенттиги анын сөзүн.
Ирандык дипломат Австралиянын аракеттерин кабыл алынгыс деп атады.
“Биз дипломатиялык мамилелердин деңгээлинин төмөндөшүн кубаттабайбыз, анткени буга эч кандай себеп болгон эмес деп эсептейбиз. Бул эки өлкөнүн мамилесине олуттуу таасирин тийгизет”, – деп кошумчалады Багайи.
Эске салсак, 26-августта Австралия Ирандын элчиси Ахмад Садегини персона нон грата деп жарыялап, коопсуздукка байланыштуу Ислам республикасындагы элчилигинин ишин токтотконун билдирген. Канберра ошондой эле Тегеранды антисемитизмди колдойт деп айыптаган.
Иран Австралиянын антисемиттик чабуулдарга тиешеси бар деген айыптоолорун четке каккан. ТИМ бул айыптоолорду негизсиз деп атаган.


















