«Газпромдун» башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер Европа эгерде кыш катуу болсо, газ тартыштыгына туш болушу мүмкүн экенин эскертти. Анын айтымында, газды жер алдындагы кампаларга куюунун темпи талаптагыдан артта калууда, айрым өлкөлөр жылуулук сезону башталганга чейин максаттуу деңгээлге жетише албайт.
Миллер Германия менен Нидерландиядагы ири кампалар толук кандуу даяр болбой калышы мүмкүн экенин айтты. Азыркы учурда Германиядагы кампалар 71,1%га, Нидерландиядагы — 64,8%га гана толгон. Балтикада абал эң татаал: Латвиядагы Инчукалнс кампасы болгону жарымына гана толгон, куюу ылдамдыгы тарыхый минимумда.
Gas Infrastructure Europe (GIE) маалыматтарына ылайык, жайкы беш айлык мезгилде Европа өткөн кышта сарпталган газдын үчтөн экисин гана ордуна койо алды. Айырма — 18,9 млрд кубометр, бул байкоо тарыхындагы эң жаман көрсөткүчтөрдүн бири. 31-августка карата европалык кампалар орто эсеп менен 76% толгон (бир жыл мурда — 92%).
Reutersтин болжолдоосу боюнча, Европа октябрга чейин керектүү деңгээлге жетиши мүмкүн, анткени суюлтулган жаратылыш газынын (СПГ) импорту көбөйүп, Норвегиядагы пландуу оңдоо иштеринен улам убактылуу азайган көлөмдү толуктайт.
Евробиримдик болсо орус газына көз карандылыктан толук кутулуу аракетин күчөтүүдө. Эгер 2022-жылга чейин Россия газ импортуна 45% үлүш кошсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 19%га чейин түшүп калган. Еврокомиссиянын планы боюнча 2025-жылдын аягына чейин үлүш 13%га чейин азайышы керек.
Европарламент орус газына толук эмбарго киргизүү мөөнөтүн 2028-жылдан 2027-жылдын башына жылдыруу маселесин карап жатат. Ал эми ЕБге төрагалык кылып жаткан Дания жакында эмбаргону айланып өтүүгө мүмкүндүк берген бардык «жолдорду» жабууну сунуштады.



















