Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Армения менен Азербайжан Шанхай кызматташтык уюмуна кире алат жана кириши керек деп эсептейт.
“Биз арыз бердик, Азербайжан дагы арыз берди. Азербайжан менен биз алдыда боло турган саммитке (ШКУнун – ред.) өнөктөш катары чакырылганбыз. Биз катышабыз. Бул уюмга биз да, Азербайжан да кошула алат жана кошулушу керек деп ойлойбуз”, – деп Мирзоян республиканын коомдук телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
2025-жылдагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Кытайдын Тяньцзинь шаарында 31-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Ага 20дан ашуун мамлекет башчылары жана 10 эл аралык уюмдун жетекчилери катышат. Кытайдын Россиядагы элчиси Чжан Ханьхуэй кезектеги саммит Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) негизделгенден берки эң ири жолугушуу болорун билдирген.
ШКУ – 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан кирет. 2024-жылдын 4-июлунда уюмга Астанада өткөн саммитте Беларус расмий түрдө кошулган. Байкоочу мамлекеттер – Афганистан жана Монголия. Диалог боюнча өнөктөштөр – Армения, Азербайжан, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдивдер, Мьянма, Непал, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Түркия жана Шри-Ланка.
Эске салсак, Баку менен Еревандын ортосундагы тынчтык келишимине 11-августта Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамптын катышуусунда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кол коюшкан.



















