АКШнын президенти Дональд Трамп 1-августтан тарта Индиянын экспортунa 25 пайыздык бажы салыгы киргизилерин жарыялаган соң, индиялык мунай иштетүүчү компаниялар Россиядан мунай сатып алуу боюнча жагдайды тактоону каалап жатышат.
Business Standard басылмасы өз булактарына шилтеме берип билдиргендей, россиялык мунайдын негизги сатып алуучулары болгон бул компаниялар Индия өкмөтүнөн АКШнын бажы салыктарынын жогорулашы Россиядан энергетикалык ресурстарды сатып алууга таасир эте тургандыгы тууралуу түшүндүрмө берүүнү суранышууда. Азыр мунай импорттоочулар бул суроого Индиянын Мунай жана жаратылыш газдары министрлигинен жооп күтүп жатышат.
«Россиядан мунай жеткирүүнүн кыскарары мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдордун кирешесине терс таасирин тийгизет», — деди басылмага ICRA рейтинг агенттигинин улук вице-президенти Прашант Васишт.
2025-жылдын ичинде мунайдын баррелине болгон баа $10га өссө, бул Индиянын мунай импортуна кеткен чыгымдарын болжол менен $13–14 миллиардга көбөйтөт.

















