АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Жакынкы Чыгышта Израилди жана жалпы аймакты коргоо максатында көп жылдан бери аскердик катышуусун сактап келе жатканын билдирди. Ал АКШнын бул аймактагы коопсуздукка байланышкан ролу Вашингтондун катышуусунун негизги себептеринин бири экенин белгилеп, ошол эле учурда өлкөсү Жакынкы Чыгыштын мунайына муктаж болбой калганын айтты.
Бул тууралуу ирандык Fars News агенттиги жазды.
«Биз ал аймактын мунайын колдонбойбуз, ага муктаж эмеспиз. Биз ал жакта көптөн бери Израилди жана Жакынкы Чыгышты коргоо үчүн жүрөбүз», — деди Трамп.
Ал АКШнын энергетикалык ресурстарынын көбөйүшү өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы мунайга болгон көз карандылыгын азайтканын белгилеп, Венесуэланы мунайдын кошумча булагы катары атады.
«Өзүңүздөр билгендей, биз Венесуэланы көзөмөлүбүзгө алдык. Бул бизге ай сайын кошумча миллиондогон баррель мунай берет», — деди ал.
Трамп Венесуэланын мунай ресурстарын да эсепке алганда, АКШ дүйнөдөгү мунай ресурстарынын дээрлик 50 пайызына ээ болушу мүмкүн экенин билдирди.

















