Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) эл аралык террордук уюм болуп эсептелген «Ислам мамлекети» уюмунун курамындагы «Вилаят Хорасан» аттуу уюмдун жашыруун канатынын ишмердүүлүгүн аныктады.
Бул тууралуу ТАСС агенттигине Өзбекстандын УКК басма сөз кызматы кабарлады.
«Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы ички иштер органдары менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Наманган шаарында “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террордук уюмунун жашыруун уюгу жок кылынды», — деп айтылат билдирүүдө.
Текшерүү учурунда топтун 16 мүчөсүнүн жашаган жайларында тинтүү жүргүзүлүп, далил катары төмөнкүлөр алынды:
-
37 даана уюлдук телефон
-
51 даана басмаканасы көрсөтүлбөгөн диний адабият
-
40 даана DVD-диск
-
4 даана флеш-карта
-
ноутбук жана планшет
Мекеменин маалыматына ылайык, топтун уюштуруучусу Telegram мессенжеринде виртуалдык каналдар жана топторду түзүп, аларда 120дан ашуун катышуучу болгон. Бул платформаларда экстремисттик материалдар таратылып турган.
«Учурда топтун уюштуруучусуна жана дагы үч активдүү мүчөсүнө карата Кылмыш кодексинин тиешелүү беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, алар камакка алынды. Топтун калган мүчөлөрүнө карата да тергөө иштери жүрүп жатат», — деп кошумчалашты УККдан.


















