Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин саммити быйыл 31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайда өтөт. Бул өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Тяньцзинь шаарында өткөн уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына белгилүү болду.
Бул тууралу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев менен биргелешкен маалымат жыйынында билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
Тышкы иштер министрлигинин башчысы саммитке 20дан ашык өлкөнүн лидерлери жана 10 эл аралык уюмдун жетекчилери катышарын билдирди.
“Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрликтеринин башчылары Тяньцзинь шаарында өткөн иш-чарада ассоциацияга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы коопсуздукту жана жакшы коңшулаштык мамилелерди чыңдоо боюнча ишти активдештирүү боюнча макулдашышты”, – деди Ван И.
Анын айтымына караганда, жыйында ар кандай маселелер боюнча ар тараптуу пикир алмашуу болуп, тараптар беш багыт боюнча кызматташууну алдыга жылдырууну макулдашты.
“Коопсуздук механизмдерин өркүндөтүү зарыл. Тараптар мүчө-мамлекеттердин лидерлери жетишилген маанилүү макулдашууларды кыйшаюусуз ишке ашыруу зарылдыгын жана коопсуздук чөйрөсүндөгү коркунучтарга жана чакырыктарга каршы турууда ШКУнун мүмкүнчүлүктөрүн тынымсыз күчөтүү зарылдыгын кайталашты”, – деп баса белгиледи КЭР ТИМ башчысы.
Ал белгилегендей, уюмга мүчө өлкөлөр терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы аракеттенүүнү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө биргелешип бөгөт коюуну, маалыматты коргоону камсыз кылууну улантат.
Ошондой эле “Төрт коопсуздук борборун” түзүүнү тездетүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.
“ШКУнун тиешелүү чөйрөсүндө коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу үчүн комплекстүү түзүмү жана анын филиалдары, баңги заттарга каршы күрөшүү борбору”, – деп түшүндүрдү Ван И.
Ал бул иш бирикменин функционалдык механизмдерин өркүндөтүүнүн маанилүү компоненти болуп каларын жана уюмдун мүчөлөрү эл аралык туруксуз кырдаалдын шартында “шанхай духун”, тилектештикти жана өз ара ишенимди бекемдөөнү уланта берерин ырастады.
Анын пикиринде, ШКУнун тынымсыз өнүгүүсүнүн маанилүү булагы болуп мүчө мамлекеттердин элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана достук саналат. Ошондой эле тараптар муундан муунга өтүп келе жаткан достукту сактоо үчүн түрдүү механизмдерди, платформаларды жана жарандык каналдарды эффективдүү колдонууну жакташат.
ШКУ мамлекеттери Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарына туура тарыхый баа берүүнү, адилеттикти жана калыстыкты коргоону, ошондой эле БУУ борбордук орунду ээлеген эл аралык системаны коргоону улантат. Уюм “дүйнөлүк башкаруунун адилет жана акылга сыярлык системасын” калыптандырууга көмөктөшөт.
Ван И ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин эл аралык жана аймактык чыр-чатактарды жөнгө салуудагы аракеттеринин актуалдуулугун белгиледи. Атап айтканда, ал Жакынкы Чыгышта жана Афганистанда тынчтыкты калыбына келтируу процессине активдүү жардам көрсөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.


















