Учурда Европанын жана Борбордук Азиянын көптөгөн өлкөлөрүндө төрөттүн тездик менен төмөндөшү, калктын улгайышы байкалууда.
Төрөттүн төмөндөшү XX кылымда башталып? көбүнчөсү Азия менен Чыгыш Европада уланган. Айрыкча жаш энелердин төрөтүнүн төмөндөшү дүйнө жүзү боюнча 1990-жылдары катталган.
Бул маалымат БУУнун расмий саятына жарыяланды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондусунун (ЮНФПА) 2025-жылга карата дүйнө калкынын абалы боюнча баяндамасында белгиленгендей, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар каалагандай көп балалуу боло алышпайт же тескерисинче, пландаштырылбаган кош бойлуулукка кабылышат.
Изилдөөнү ЮНФПА жана YouGov компаниясы жүргүзүп? 14 өлкөдөн, анын ичинде Венгрия менен Германиядан 14 миңден ашык адамдардын арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн.
Сурамжылоого катышкандардын үчтөн бир бөлүгү, тагыраагы 32 пайызы пландан тышкары кош бойлуулукту баштан кечирген, ал эми дээрлик төрттөн бири же 23 пайызы каалаган убакта төрөй алган эмес. Ал эми жашы 50дөн ашкан курактагы 31 пайызы көп балалуу болгусу келгенине карабай азыраак балалуу болгонун айтышкан.
Балалуу болууга эң кеңири тараган тоскоолдук бул каржылык чектөөлөр болгондугу 39 пайыздык чен менен көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, ылайыктуу турак жайдын жоктугу -19 пайыз, жумуштун туруксуздугу -21 пайыз жана келечектен коркуу – согуштар, пандемиялар, экологиялык кырсыктар -19 пайыз.
Ошол эле учурда мамилелердеги көйгөйлөр да олуттуу таасирин тийгизген. Башкача айтканда, сурамжылоого катышкандардын 14 пайызы өнөктөшүнүн жоктугу аларга каалагандай көп балалуу болууга тоскоол болгонун айтышкан.
Төрөттүн төмөндөшүнө экономикалык тоскоолдуктар да таасирин тийгизген. Жаш энелердин төрөтүнүн төмөндөшү дүйнө жүзү боюнча айрыкча 1990-жылдары катталган.
“Докладга ылайык, экономикалык тоскоолдуктар үй-бүлөлөрдүн репродуктивдүү каалоолорун ишке ашыра албашынын негизги себептери катары таанылат. Көптөгөн өлкөлөрдө, мисалы, Молдовада жана Украинада, өзгөчө 1990-жылдардан кийин төрөттүн төмөндөшү эмиграция, экономикалык төмөндөө жана туруксуздук менен коштолгон. Адамдар өз каалоосу менен балалуу болуудан баш тартышкан эмес – шарттын жоктугунан улам кийинкиге калтырылган”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, төрөттүн төмөндөшү XX кылымда башталып? көбүнчөсү Азия менен Чыгыш Европада уланган.
Изилдеген компаниялардын маалыматына караганда, репродуктивдүү эркиндик, балалуу болуу жөнүндө өз алдынча жана аң-сезимдүү чечим кабыл алуу жөндөмүн билдирет.
Ошондой эле бул контрацепцияга же клиникаларга жеткиликтүүлүктү гана эмес, экономикалык туруктуулукту, гендердик теңчиликти, сапаттуу социалдык кызматтарды жана келечекке ишенимди да талап кылат.
Кошумчалай кетсек, ЮНФПАнын маалыматы боюнча? Батыш жана Борбордук Африкада бир аялга орточо төрөт 4,3 баланы түзсө, Чыгыш жана Түштүк Африкада 4 бала туура келет. Бул көрсөткүчтөр дүйнөлүк орточо 2,2 санынан бир топ жогору.



















