Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Түркияда төрөлүү көрсөткүчү 11 жылдан бери үзгүлтүксүз төмөндөп жатат

  • Дүйнө
  • 15.12.2025 12:40

Loading

TÜİK: болжол менен 40 жылдан кийин Түркияда медианалык жаш 45 жаштан ашышы мүмкүн.

Эгерде төрөлүү деңгээли азыркы темп менен төмөндөй берсе, болжол менен 40 жылдан кийин Түркияда медианалык жаш 45 жаштан ашышы мүмкүн.

Бул тууралуу Түркиянын Статистика институтунун (TÜİK) төрагасынын орун басары Фуркан Метин билдирди.

Тема боюнча

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

20.11.2026

Анын айтымында: «1990-жылдары Түркия 20 жаштагы жигитке окшош эле. Ал эми 45 жаштагы Түркиянын энергиясы 1990-жылдардагы 20–25 жаштагы Түркиядай болбойт», — деди ал.

Акыркы жылдары Түркияда калктын өсүү темпинин кескин жайлашы өлкөнүн демографиялык түзүмүндө терең жана кайтарылгыс өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деген олуттуу тынчсызданууну жаратты.

Адистердин эскертүүсүнө ылайык, төрөлүүнүн төмөндөшү калктын өсүшүн жайлатуу менен гана чектелбестен, жумушчу күчүнүн кыскарышына, социалдык камсыздоо системасына түшкөн жүктүн көбөйүшүнө, саламаттыкты сактоо жана улгайган адамдарды кароо чыгымдарынын өсүшүнө алып келет.

Төрөлүү көрсөткүчү 2014-жылдан бери азайып келет

TÜİKтин маалыматы боюнча, жалпы төрөлүү коэффициенти 2001-жылы бир аялга орто эсеп менен 2,38 баланы түзгөн. Бирок 2014-жылдан тарта бул көрсөткүч тынымсыз төмөндөй баштаган.
2014-жылы — 2,19,
2015-жылы — 2,16,
2016-жылы — 2,11,
2017-жылы — 2,08,
2018-жылы — 2,00.

2018-жылдан бери төрөлүү коэффициенти туруктуу түрдө 2,0 деңгээлинен төмөн бойдон калууда.
2019-жылы — 1,89,
2020-жылы — 1,77,
2021-жылы — 1,71,
2022-жылы — 1,63,
2023-жылы — 1,51,
ал эми 2024-жылы тарыхый эң төмөнкү чекке — 1,48ге жеткен. Бул калктын жөнөкөй калыбына келүү деңгээлинен (2,1 бала) кыйла төмөн.

Адистер бул тенденция улана берсе, Түркия Европа Биримдигинин орточо көрсөткүчүнөн да төмөн түшүп кетиши мүмкүн экенин эскертишет.

«Анадолу» агенттигине берген маегинде TÜİKтин төрагасынын орун басары Фуркан Метин төрөлүү коэффициентинин 1,4 деңгээлине чейин төмөндөшү «жогорку кооптонуу белгиси» экенин айтты. Анын айтымында, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Түркия расмий түрдө «абдан карыган өлкөлөрдүн» катарына кирди, ал эми жакынкы 25 жыл ичинде улгайган калктын үлүшү 25 пайыздан ашышы мүмкүн.

«1990-жылдары Түркия 20 жаштагы жигитке окшош болчу»

Метин калктын тез картаюусуна көңүл бурду: «1990-жылдары Түркия 20 жаштагы жигитке окшош эле. Эгер төрөлүү ушундай темп менен азайса, болжол менен 40 жылдан кийин медианалык жаш 45 жаштан ашат. 45 жаштагы Түркиянын энергиясы 1990-жылдардагы 20–25 жаштагы Түркиядай болбойт», — деди ал.

Анын айтымында, өлкө азыртадан эле олуттуу демографиялык кризисти башынан кечирип жатат. Эгерде төрөлүү дагы 10 жыл бою төмөндөй берсе, бул процесс кайтарылгыс болуп калат. Улгайган калктын көбөйүшү олуттуу социалдык-экономикалык көйгөйлөргө алып келип, учурдагы социалдык камсыздоо системасы мындай шартта иштей албай калат.

«Түркия кесарево жолу менен төрөт боюнча дүйнөдө биринчи орунда»

Метин ошондой эле Түркия кесарево жолу менен төрөттүн үлүшү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турганын белгиледи.

«Адамдар кеч үйлөнүп жатышат, мындан тышкары кесарево операцияларынан улам, кааласа да, экинчи же үчүнчү балага барууга көп учурда батына алышпайт», — деди ал.

Ал бир бала менен чектелген же таптакыр үй-бүлө курбаган адамдарды карылыкта жалгыздык күтүп турганын эскертти:

«Биз Европада көптөн бери байкалган карылык көйгөйлөрүнө эми гана туш болуп жатабыз. Азыр биз барган ар бир бешинчи үй чарбасында жалгыз адам жашайт, алардын 35 пайызы — 55 жаштан жогору аялдар. Үй-бүлөнүн мааниси дал карылыкта билинет. Бирок карылыкта “балалуу болбой калдым” деп өкүнүү эч нерсени өзгөртпөйт. Тилекке каршы, өлкө катары биз өтө маанилүү чекитти колдон чыгарып жатабыз», — деди ал.

«Түркия барган сайын карыган өлкөгө айланууда»

Түркиянын Улуттук коргонуу университетинин Аскер-деңиз окуу жайынын деканы, профессор Жемалеттин Шахин өлкөдөгү демографиялык кризис акыркы 20 жылдан бери уланып келе жатканын айтты.

Ал республиканын алгачкы жылдарында мамлекеттик саясат калктын өсүшүнө багытталганын эске салды:
«Ататүрктүн 100 миллион калкы бар Түркия тууралуу кыялы болгон, бул эскерүүлөрдө жазылган. 1930-жылы Гигиена жөнүндө мыйзамга ылайык, алты жана андан көп бала төрөгөн энелерге медалдар тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлгөн, ал эми каалоо боюнча абортко тыюу салынган. Ошол кезде белгилүү бир ийгиликке жетишилген», — деди ал.

Шахин 1950-жылдардын аягынан тарта чет элдик фонддордун жана уюмдардын колдоосу менен массалык маалымат каражаттарында төрөлүүнү азайтуу кампаниясы башталганын белгиледи. 1963-жылы Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү баяндама сунушталып, эки жылдан кийин Үй-бүлөнү пландоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган.

«Өлкөнүн бардык ресурстары калкты кыскартууга багытталган», — деди ал.

«Жалпы улуттук мобилизация керек»

Профессор демографиялык саясатта жаңы чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи:
«Турак жай архитектурасын кайра карап чыгуу керек. Балалуу үй-бүлөлөр үчүн 1+1 жана 2+1 батирлер — бул чыныгы түрмө. Турак жай маданиятын өзгөртүү зарыл», — деди ал. Ошондой эле билим берүү мөөнөттөрүн кыскартып, билим берүү системасын жалпы кайра карап чыгууга чакырды.

Шахин  төрөлүүнүн азайышын бир гана экономикалык кыйынчылыктар менен түшүндүрүүгө каршы экенин билдирди:

«Эгер маселе акчада гана болгондо, Швецияда, Норвегияда, Улуу Британияда жана Германияда калк тез өсмөк. Азыр калк бай өлкөлөрдө эмес, башка жактарда өсүп жатат — бул маданият маселеси. Биз чексиз өсүшкө чакырбайбыз, бирок Түркия картаюуда. Бүгүн эле фундук, пахта жана чайды өзүбүз жыйноо үчүн жумушчу кол жетишпей жатат. Келечек тынчсыздандырат — жалпы улуттук мобилизация керек», — деп кошумчалады.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: демографиялык кризистөрөлүүТүркия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

20.11.2026
«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

27.10.2026
Түркия, Сауд Арабиясы, Пакистан жана Иран аймактык коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашты

Түркия, Сауд Арабиясы, Пакистан жана Иран аймактык коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашты

27.10.2026
Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

26.10.2026
Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

15.10.2026
Сауд Арабиясы Пакистан менен Түркияга ыктоодо: АКШнын «коопсуздук чатыры» хуситтерге каршы натыйжасызбы?

Сауд Арабиясы Пакистан менен Түркияга ыктоодо: АКШнын «коопсуздук чатыры» хуситтерге каршы натыйжасызбы?

13.10.2026
Эрдоган Ирандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

Эрдоган Ирандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

25.09.2026
Германияда, Францияда жана Түркияда күйүүчү майдын баасы өстү

Германияда, Францияда жана Түркияда күйүүчү майдын баасы өстү

18.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.