2025-жылдын аягына карата Кытайдын калкы 3,39 миллион адамга азайып, 1,404 миллиардды түздү. Бул тууралуу КЭРдин Улуттук статистика бюросу маалымдады.
Аталган мекеменин маалыматы боюнча, Кытайда калктын саны катары менен төртүнчү жыл азайууда.
2025-жылы өлкөдө 7,92 миллион төрөлүү катталып, 11,31 миллион адам каза болгон. Калктын табигый өсүү коэффициенти 1000 адамга карата минус 2,41ди түзүп, демографиялык кыскаруу уланып жатканын көрсөтүүдө.
Калктын жыныстык түзүмүндө эркектердин үлүшү дагы эле жогору бойдон калууда. 716,85 миллион эркекке 688,04 миллион аял туура келет. Жыныстык катыш 100 аялга 104,19 эркекти түздү.
Жаш курактык бөлүнүшүнө ылайык, 16 жаштан 59 жашка чейинки калктын саны 851,36 миллион адам деп бааланып, бул жалпы калктын 60,6 пайызына туура келет. 60 жаштан жогору адамдардын саны 323,38 миллионго (23,0%) жетти, алардын ичинен 223,65 миллион адам (15,9%) 65 жаштан жогору курактагылар.
Эске салсак, Кытай 2023-жылы дүйнөдөгү эң калктуу өлкө макамынан ажырап, лидерликти Индияга берген.
Буга чейин Кытайдын калкы дээрлик 1,4 миллион адамга кыскарганы тууралуу маалыматтар чыккан.

















