Бүгүн, 14-мартта, Ош шаарында экологиялык абалды жакшыртуу жана жашылдандыруу максатында Курманжан датка көчөсү менен кесилишкен Алишер Навои көчөсүнөн баштап Гапар Айтиев көчөсүнө чейинки аймакка жалпысынан 100 түп кызыл жалбырактуу клён дарагы отургузулду. Бул иш-чара шаарды жашылдандыруу программасынын алкагында уюштурулуп, ага мамлекеттик жана коомдук уюмдардын жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев да катышып, өзүнүн атынан бир түп көчөт отургузду. Ал шаарды жашылдандыруу аракеттери мындан ары да улантыларын белгилеп, көчөттөрдү коргоо жана сугаруу иштерине шаар тургундарынын да салымы болушу керектигин белгиледи. Ошондой эле, ал бардык жашоочуларды айлана-чөйрөнү таза сактоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды.
Мындан тышкары, шаарда иштеген журналисттер да бул иш-чарадан четте калган жок. Алар өздөрү иштеген медиалардын атынан көчөт отургузуп, ар бир даракка өздөрүнүн ЖМКсынын аттары жазылган атайын белгилерди байлашты. Бул кадам маалымат каражаттарынын экологиялык демилгелерге кошкон салымы катары бааланды.
Мэриянын маалыматына ылайык, отургузулган кызыл жалбырактуу клён дарактары Өзбекстандан демөөрчүлөрдүн атынан алынып келинген. Ар бир көчөттүн баасы 200-250 долларды түзөт. Адистердин айтымында, бул түрдөгү клён шаардык шарттарга жакшы көнүп, айлана-чөйрөгө кооздук тартуулайт. Ал эми жергиликтүү бийлик көчөттөрдү өз убагында карап, сугарып турууга жооптуу мекемелерди милдеттендирди.
Кошумчалай кетсек, учурда Ош шаарында 4 миңге жакын дарак кыйылганга уруксат алынгандыгы жана бул боюнча тиешелүү мекемелер тарабынан кыйуу иштери жүргүзүлгөнү коомчулуктун бир нааразычылыгын жараткан. Кээ бир жашоочулар жана экологиялык активисттер көп жылдык дарактардын кыйылышына каршы нааразычылык билдирип, бул жашыл аймактарга чоң зыян келтирерин белгилешкен. Алар бийликти альтернативдүү чечимдерди издөөгө жана шаардын экологиясын коргоого чакырышкан. Бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жашылдандыруу иштери менен катар жаңы көчөттөрдү отургузуу аракеттери да көрүлөрүн жарыялашкан.



















