Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы эс алуу паркына ижара акысы 5 миллион сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги таңкы рейд учурунда билдирди.
Мэрдин айтымында, паркты ижарага алган «Балдар келечеги» ишканасынын өкүлү мэрияга өзү кайрылып, буга чейин төлөп жаткан ижара акысы төмөн болгонун белгилеп, төлөмдү жылына 5 миллион сомго чейин көтөрүүнү сунуштаган. Буга чейин ишкана айына 233 миң сом, жылына 2 миллион сомдон ашык төлөп келген.
«Навои паркты алган ижарачы өзү келип, ижара акысы 3 миллион сом экенин айтты. Анан мэрияга ыраазычылыгын билдирип, “мен 5 миллион сом төлөйм” деп кетти. Силер жада калса барып, ижара акысын 100 миң сомго да көтөрө албайсыңар. Ал эми ижарачы өзү келип, 2 миллион сом кошуп төлөй турган болуп атат», – деди мэр.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 30-мартында Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында ошол учурдагы мэр Бакытбек Жетигенов Навои паркын ишкер 5 жылга ижарага алып, 5 миллион сом төлөгөнүн, ал эми ишкер паркты субарендага берип, жылына 15-20 миллион сом киреше табарын билдирген.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы парктын ижара акысын кайра карап чыгып, шаардын бюджетине түшкөн кирешени көбөйтүү максатында тиешелүү чараларды көрүүдө.



















