3-февралда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефондон сүйлөштү.
Бул тууралуу маалымат Орусиянын өкмөтүнүн расмий сайтына чыкты. Анда эки өлкөнүн өкмөт башчылары 31-январда Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө жетишилген кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын арттыруу боюнча макулдашууларды иштеп чыгуу боюнча маселелер боюгча сүйлөшүшкөн.
Тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө практикалык кызматташууну мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешкен. Бирок КРнын Министрлер Кабинети бул телефон сүйлөшүүлөрү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.
Эскерте кетсек, Алматыда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Орусиянын өкмөт башчысы М. Мишустин А. Касымалиевге Кыргызстандын мамлекеттик органдары орусиялык компанияларга кысым көрсөтүп, негизсиз доомат артып жатканын айткан жана мындай аракетти токтотууну талап кылган.
Ага Касымалиев: “-Сиз экөөбүз ушуга чейин да орусиялык компаниялардын укугун коргоо боюнча маектештик эле. Мен баргандан кийин, биз макулдашкандай, дагы бир жолу бул боюнча сүйлөшөм. Андан кийин сизге өзүнчө маалымат берем”, – деп жооп узаткан.
Ал эми кыргызстандыктар Мишустиндин бул билдирүүсү орой формада айтылганын, Касымалиевдин ага берген жообу ишеничтүү болбой калганын соц.тармактар аркылуу кызуу талкуулап, сөз “Яндекс” компаниясы жана мамлекеттик салыктар жөнүндө болуп жаткандыгын белгилешип, Орусия өкмөт башчысы Кыргызстандын өкмөтүнө көрсөтмө бере албасын жазган пикирлер айтылууда.
Көп өтпөй Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Мишустинге жооп бергенин “Акипресс” агенттиги тараткан.
“Мамлекеттик жогорку жетекчилик тууралуу айтып, Мишустин мырза так эместикке жол берген, ал эми “опузалоо” дегени ашыра айтууга барабар. Муну менен биздин чарбалык маселеге саясий боек берилген десек болот. Мишустин мырзада так маалымат болбошу ыктымал”, – деген Шыкмаматов.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы өзгөрүүлөр салык системасында да жүрүп жатканын белгилеп, бул бардык мамлекеттик органдарга коюлган талап экенин белгилеген.
Төрага ошону менен катар коррупциянын канчалык бир деңгээлде тыйылышы менен айрым органдардан бюджетке түшкөн акча эселеп көбөйгөнүн билдирген. Ал Бажы кызматынан эле Евразия экономикалык биримдигинин бюджетине (ЕАЭБ) 2023-жылы 50 миллиард 932 миллион сом которулуп, анын жарымы кайра алынганына токтолгон.
“Биз салык төлөөчүлөрдү жергиликтүү, чакан өлкөнүн же ири державанын ишканасы деп бөлбөйбүз. Бардыгына мыйзам менен бирдей салык нормалары бекитилген, аны баары аткарып жатышат. Мыйзам баарына бирдей, салык төлөө – ыйык милдет. Эгер кимдир-бирөө салыкты жашырса, тиешелүү органдар мыйзамдын алкагында иштешет. Орусияда деле ушундай. Мен ишенем, Мишустин мырза Орусиядагы ийгиликтүү ишке ашырылган салык реформасынын “атасы” катары, муну эң сонун түшүнөт”,- деген Шыкмаматов.


















