Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин эки күндүк иш сапары менен Ташкентке келгенин орус өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Орусиянын премьер-министри 9-10-сентябрда Өзбекстандын борборунда болот.
Орусиянын өкмөт башчысы өзбек кесиптеши Абдулла Арипов менен бирге “Жеңиш паркы” мемориалдык комплексине барат. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары «Кайрат үчүн ода» монументине гүл коюшат жана Даңк музейинин көргөзмөсүн көрүшөт. Андан соң Орусиянын өкмөт башчысы Текснопаркка барып, анын иши менен таанышып, бир нече өндүрүштүк бөлүмдөрдү текшерет.
Андан соң Куксарой мамлекеттик резиденциясында Орусия менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын бешинчи жыйыны өтөт. Жыйындын жыйынтыгында биргелешкен коммюнике кабыл алынып, бир катар өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюлат.
Сапардын акыркы күнү, 10-сентябрда Мишустин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусу пландалууда.



















